ПРОБАЦИЯ ДЕПАРТАМЕНТИНЕ КОНОК ЛЕКЦИЯ ЖАНА ЭКСКУРСИЯ

  • 19.03.2022
  • 0

 Экономика жана сервис колледжинин «Укук таануу» кесиби боюнча билим алып жаткан  СП-1-20 тайпасынын студенттери үчүн конок лекция жана экскурсия уюштурулду. Лекцияны 18-мартта Пробация департаментинин окуу-усулдук бөлүмүнүн башкы адиси Гулжазира Махмутова окуду.

ПРОБАЦИЯ ДЕПАРТАМЕНТИНЕ КОНОК ЛЕКЦИЯ ЖАНА ЭКСКУРСИЯ

Жолугушуунун негизги максаты Пробация департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышуу жана студенттерди кесибине кызыгуусун күчөтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара «Гуманитардык-укуктук дисциплиналар» ОУКсынын Кылмыш жана укук сабагынын окутуучусу Аида Ормонкулова тарабынан «ГУД» ОУКсынын  жумалыгынын пландалган иш-чараларынын алкагында уюштурулган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер