ПРЕЗИДЕНТТИН М.А. САДЫР ЖАПАРОВДУН ЖАЛПЫ ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУСУ

  • 17.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаровдун жалпы элге кайрылуусу

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештерим!

Биз 2005 жана 2010-жылдагы – 2 революциянын сабактарын унуттук. Элибизде: “Өткөндү унутсак, тарых кайталанат, тарых эскертип турат” – деген сөз бар.

Биз мурдагы революциялар менен салыштырып карай албайбыз. Бийлик дайыма өз элине кызмат кылууга жана элдин тандоосун кабыл алууга милдеттүү экендигин көрдүк. Тарых дагы бир жолу сабак берди, айрыкча бийликке дагы бир жолу катуу сабак болду.

Өткөн жума ичиндеги күндөрүбүз:

— биздин эркиндигибиздин,

— биздин демократиябыздын,

— биздин көп улуттуу ынтымагыбыздын жана

— Кыргызстандын жалпы элинин биримдигисыналды.

2020-жылдын 4-октябрында тарыхый шайлооөткөрүлүшү керек эле. Эл  жөн эле Жогорку Кеңешти шайлаганы жок:

— эл келечекке тандоо жасады!

— эл жаңыланууну тандады!

— эл акыйкаттыкты тандады!

Тилекке каршы, элдин үнү бийликке жетпес болду. 4-октябрда элдин тилеги, жаштарыбыздын үмүтү уурдалды. Жана ал – масштабдуу саясий кризистин башталышына түрткү болду.

Бүгүн жалпы Кыргызстандын эли жөнүндө өзгөчө сөз айткым келет.

2020-жылдын күзү жаңы тарыхты – улуттук аң-сезимдин жаңыланган барактарын ачты.

Ар түрдүү курактагы, ар башка улуттагы, ар түрдүү саясий көз караштагы адамдар мыйзамсыздыккакаршы, добуштарды сатып алууга, фальсификациялоого жана административдик ресурстарга каршы көтөрүлдү.

Айрыкча Кыргызстан эли бир муштумдай биримдигин көрсөттү.

Баарыбыз ушул күнү Кыргызстандык болдук: бирдиктүү, көп улуттуу бир эл болдук. Мындан ары да дал ушундай болот! Трайбализмди жок кылабыз!

Кыргыз эли менен бир катарда туруп канатташ жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү катышты.

Бул жеңиш   – ​жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду.

​​​Жалпы Кыргызстан элинин ынтымагынын жеңиши.

Эл биримдиги сакталып калды.

Мамлекеттин талкаланышына, бөлүнүп-жарылуусуна жол берилген жок. Кан төгүлгөн жок, талап-тооночулук болгон жок. Мамлекеттин бүтүндүгү сакталды. Тез аранын ичинде укуктук талаага кирдик.

Бул күндөрү Кыргызстан элинин, жаштардын: интеллекти өскөндүгү, саясий көз карашы турукташкандыгы далилденди.

Жалпы эл – ийгиликке жетти! Кыргызстанда бийлик тынчтык жол менен өткөрүлүп жатат.

Баарыбызды жеңишибиз менен чын дилимден куттуктайм!

Мен саясатчыларга жана саясий партияларгакайрыларым:

Бүгүн биз өлкөнү түндүк-түштүк, уруу-уруу, айыл-айыл же тууган-туушкан деп бөлбөй жашайлы.

Биз – бирдиктүү жана көп улуттуу элбиз!

Биз – Кыргызстандыкпыз!

Биздин саясий көз караштарыбыз ар башка, бироккөздөгөн түпкү максатыбыз бирөө гана. Ал – мекенибиздин – Кыргызстаныбыздын жаркын келечегин камсыз кылуу.

5-октябрда эл өз сөзүн айтты.

Урматтуу мекендештер!

Менин башкы максатым – өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүү.

Мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн  тазалоонун инструменти болуудан калат.

Саясий куугунтук дегенди менден ашык жон тери менен сезген саясатчы жоктур! 

Азыр да, көпчүлүк саясатчылар саясий мотивдерменен соттолгон.

Бирок бүгүн аларга өздөрүнүн күнөөсүз экендигин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүктөртүзүлдү.

Анткени сотторго жана прокурорлорго эч ким кысым көрсөтпөйт. Мунун баары адилеттүү, акыйкат, жаңы сот өндүрүшүнүн башталышы болуп калат.

Дал ушул күндөр соттук өзүм билемдикке жана мыйзамсыздыкка чекит коёт.

Албетте эгерде кимдир бирөө, кандай гана саясий фигура болбосун, коррупцияга аралашса мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бирок бизге баарыңыздар бул күрөштө ,жардам беришиңиздер керек.

Соттук реформалар мындан ары Президенттик Аппарат тарабынан эмес, коомчулуктун көзөмөлүндө жүргүзүлөт.

Баарынан мурда биз 700 млн долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча шектелген Матраимовдор жана башка схемалуу коррупцияларды түзүп, элдин ырыскысына кол салган бардык тармактардагы коррупционерлерди катаал жазалар менен жоопко тартабыз.

Укук коргоо органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Жакынкы убактарда биз ишибиздин жыйынтыгын көрсөтөбүз.

Ошол эле мезгилде коррупция менен күрөшүү – бул түрмөлөрдү толтуруу эмес, бул укук коргоо органдарына бардык укуктарды берүү эмес.

Коррупция менен күрөшүү – бул жөнөкөй, түшүнүктүү жана аткарылуучу мыйзамдар, ал баарына бирдей иштейт.

Ушул жерден – криминалдар менен күрөшүүтуурасында айтсам.

Кылмыш дүйнөсү өзүнүкүн диктовка кылганды токтотот деп кепилдик берем.

Буга чейин айрым аймактарда бизнес ошол жерде иштеши үчүн криминалдын  уруксаты керек болчу. Бул мезгил артта калды! Ишкерлер менен инвесторлорго өзгөчө шарттар түзүлөт.

Урматтуу мекендештер!

Өз сөзүмдө ЖАШТАР туурасында айтсам.

Жаштар үчүн тарыхтын жаңы барактары жазылып баштайт. Жаштар өлкөбүздөгү мамлекеттик саясаттын жигердүү жол баштоочуларынан болот.

Дал ушул силер, жаштар, жашыңарга, улутуңарга карабастан, 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында өлкө келечеги үчүн башыңарды сайып бир катарга турдуңар.

Биз ушул күндөрү мыйзамсыздык менен күрөшүп курман болгон 19 жаштагы Баткендин баатыр кулунун терең кайгыруу менен эскеребиз.

Жакынкы жылдары өлкөбүздүн саясатын аныктай турган силер болосуңар, жаштар. Биз силер менен биргеликте кадр саясатын өзгөртөбүз, өзгөртүп баштадык.

Дал ошол үчүн биз парламентке ар түрдүү саясий күчтөрдүн киришине бирдей шарттарды түзөбүз. Бирок жаштар, улуттук жана гендерлик квоталар сөзсүз сакталат.

Жаштар саясий аренада өздөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүү экенин көрсөтө алышты. Эми алар иштен да өздөрүн көрсөтөт деп ишенемин.

Ошондой эле алдыдагы шайлоолордо өздөрүнүн позицияларын эркин коргой алууга толук шарттар түзүлөт.

Урматтуу мекендештер!

Экономик жана реформалар туурасында айтсам.

Жакынкы айлар биз үчүн жеңил эмес мезгилдерден болот.  Биринчи кезекте:

— экономикалык кырдаалды турукташтыруу зарыл;

— инвесторлордун ишеничин калыбына келтирүүбүз керек;

— ишкерлер үчүн коргоо жана коопсуздук кепилдигин камсыз кылуу милдети турат.

Биз реформалар боюнча атайын комиссия түзөбүз. Ал өлкөбүздүн экономикасын башкаруудагы мамилелерди өзгөртөт.

Жаңы доор мамлекеттик башкаруу системасында жаңы мамилелерди талап кылууда. Заманбап технологиялар чиновниктердин жана бюрократтардын салмактуу бөлүгүн кыскартууга жол ачууда. Ошондуктан кереги жок мамлекеттик структуралар жакынкы аралыкта жоюлат.

Айрыкча Президенттик Аппаратта, Өкмөттүн Аппаратында катуу өзгөрүүлөр, оптималдаштыруулар болот. Кыскартууларды биз өзүбүздөн баштайбыз.

Акыркы мезгилде топтолуп калган көйгөйлөр – көптөгөн жетекчилердин айынан улам артка жылдырылып, ачылбас ящиктерде жата бергендигин – ачык айтып, моюнга алышыбыз керек. Натыйжада:

— саламаттык сактоо системасы – Ковид-19 пандемиясына даяр эместигин көрсөттү,

— санариптик система – мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жана билим берүүдө жок экендигин көрсөттү.

Кредиттерге жана гранттарга таянуу – өлкөнүн финансы системасын башкарууда кылмыштуу саясатка айланды.  Ал эми аларды бөлүштүрүүнүн бүдөмүк  механизми – мамлекеттик башкарууда системалуу коррупцияга негиз болуп калган.

Биринчи кезекте пандемия маалында эл жакындарынан айрылып жатканда пайдасы тийбеген кредиттерге ревизия жүргүзөбүз.

Мунун баары оюлбай жаткан муздардын чети эле. Жакынкы күндөрү биз чече турган башкы милдеттер.

жаатында мурда кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерди аткаруу Мамлекеттин тышкы саясаты улантылат. Биз мамлекеттин стратегиялык өнөктөштөрүнүн арасында алган кадыр-баркын, беделин туруктуу сактап калуунун жана аны өркүндөтүүнүн үстүндө иштерди  жүргүзөбүз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мен – Кыргызстаныма ак ниет кызмат кылууга –бардык билимимди, тажрыйбамды Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө – бардык күчүмдү, бүт эркимди жумшаймын.

Сиздердин колдоо менен биз ушул кризистен чыгып, өнүгүүгө багыт алабыз.

Мен үчүн элдин кызыкчылыгы баарынан бийик турат.

Мен да силердин уулуңармын.

Мен да карапайым үй-бүлөдөн чыккан баламын.

Мен системаны толугу менен өзгөртөм. Ал үчүн мага колдоо керек!

Эч качан жалгыз дарак токой болбойт.

Дагы бир жолу элиме башымды ийип таазим этем!

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер