ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯНЫН ЭЭСИ — АДИНА ТААЛАЙБЕК КЫЗЫ

  • 06.11.2025
  • 0

Быйыл  өлкө боюнча жалпы 92 студент “эң мыкты” деп табылып, Президенттик стипендияга татыктуу болушту. Алардын арасында “БилимТал” коомдук бирикмесинин  Талас облусу боюнча жетекчиси Таалайбек кызы Адина дагы бар.

ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯНЫН ЭЭСИ - АДИНА ТААЛАЙБЕК КЫЗЫ

— Адина Талас мамлекеттик университетинин алдыңкы студенти, жаш лидер, ар бир ишке өзгөчө берилгендик жана жоопкерчилик менен мамиле кылган тың кыз. Адинанын сыйлыгы – биздин команданын сыймыгы болду. Биз, “БилимТал” командасы кыялданган билимдүү жаштардын армиясы Адинага окшогон жаңы жоокерлер менен толукталып жаткандыгы кубандырат. Баштаган ишибизди мындан да жигердүү жүргүзүүгө дем берет, — дейт А.Рахманов.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер