ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ТУРИЗМ ТАРМАГЫНДАГЫ ИШКАНАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ

  • 13.10.2020
  • 0
ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ТУРИЗМ ТАРМАГЫНДАГЫ ИШКАНАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ

Премьер-министи Садыр Жапаров  ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбековго Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын, санаторийлердин жана пансионаттардын сакталышын камсыздоо боюнча тыкыр чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ТУРИЗМ ТАРМАГЫНДАГЫ ИШКАНАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ

«Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын жана пансионаттардын ээлерине белгисиз жарандар келип, акча каражаттарын опузалап коркутуу аркылуу алып жаткандыгы тууралуу маалымат пайда болгон. Макул болбогон учурда, пансионаттарды өрттөп, денеге залал келтирүү коркутуулары болгондугу айтылат. Мындай окуялар жеринде токтотулушу керек. Курорттук аймактагы башка жактардын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу аракеттерине жана анда иштеген ишкерлерден опузалап акча талап кылууга жол берилбейт», — деп баса белгиледи ал.

Өкмөт башчы кыска мөөнөттө түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгып, мындан ары бул сыяктуу аракеттерге чек коюу тапшырмасын берди.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Поделиться

Комментарии