ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ: БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИ ДАЯР
- 19.06.2025
- 0
Бул тууралуу Ноокат районундагы С.Токторов атындагы орто мектебинин окуу бөлүм башчысы Гүлназ Батырова
Ысык-Көлдө өтүп жаткан “Жаңылыктын жарчысы” педагогикалык форумунда билдирди. Анын пикиринде, аталган мектептин мугалимдери жаңы улуттук билим берүү моделине даярдыкты бул тууралуу угар замат эле башташкан.
Гүлназ Батырова айтымында, даярдоо классынан 2-класска өткөн мугалимдер “Биз окуучуларга татыктуу билим бере алгандай деңгээлге жетишибиз керек” деген максатта бир жылдан бери өздөрүн ар кыл багытта өнүктүрүүдө. Шар окуу, сулуу жазуу, санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү жана башка ар кандай онлайн, офлайн курстарга жазылышкан.
Ошондой эле бөлүм башчы былтыртан бери 12жылдык билим берүү тууралуу ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенин кошумчалады.
— Көп ата-энелер “Даярдоо классынан кийин эле 2-класстын программасын окуйт” деп түшүнүп, “Жашы жетпеген бала программаны кантип алып кетет” — деп чочулап, каршылыктарын билдирип жатышкан. Баары баланын жаш өзгөчөлүгүнө жараша түзүлөт да. Алсак, 2-класстын окуучуларынын программасынын 70пайызы 1-класстыкы болсо, отуз гана пайызы 2-класстын программасы менен айкалышат. Ушунун баарын аларга айтып жатып, азыр 80пайызы жакшы түшүнүп калды, — дейт Назгүл Надырова.
Эскерте кетсек, С.Токторов атындагы орто мектебинде 75 мугалим эмгектенсе, 900 окуучу билим алат.
Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут БИЛИМ”
Комментарийлер