ПЕДАГОГДУН САНАРИПТИК САБАТТУУЛУГУ — ЗАМАНБАП ЖАНА САПАТТУУ БИЛИМГЕ ЖОЛ АЧАТ

  • 27.01.2025
  • 0

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан  билим берүү кызматкерлеринин январь секциялык окуулары Талас шаарындагы Р.Я.Рысакова атындагы N2 орто мектебинин базасында өткөрүлдү.

ПЕДАГОГДУН САНАРИПТИК САБАТТУУЛУГУ - ЗАМАНБАП ЖАНА САПАТТУУ БИЛИМГЕ ЖОЛ АЧАТ

Талас облустук усулдук борбордун директору С.Бейшенованын маалыматы боюнча, билим берүү бөлүмү тарабынан райондук, шаардык бирикме жетекчилерине «Жасалма интеллект»,  Test Pad боюнча тренерлер  Г.Тайсариева, З.Сапаров тарабынан мастер-класстар өткөрүлүп  жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Момоконов, башкы адистин милдетин аткаруучу Н.Акчалова тарабынан 12 жылдык билим берүү концепциясы, «Алтын Казык» программасы боюнча түшүндүрмө берилди.

ПЕДАГОГДУН САНАРИПТИК САБАТТУУЛУГУ - ЗАМАНБАП ЖАНА САПАТТУУ БИЛИМГЕ ЖОЛ АЧАТ

— Иш-чаранын кийинки бөлүгүндө райондук, шаардык бирикме жетекчилеринин иш планына ылайык ар бир бирикмеде секциялык окуулар өткөрүлдү. Тажрыйба жайылтууга багытталган санариптик сабаттуулук боюнча мастер-класстар, билим берүү жаатындагы жаңылыктарды камтыган талкуулар, 1-жарым жылдыкка анализ жүргүзүлүп, 2-жарым жылдыкта аткарылуучу иш-чаралардын планы иштелип чыкты, — дейт жетекчи.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер