ПЕДАГОГДОРДУН АЛТЫН УЯСЫ РЕМОНТТОЛОТ

  • 21.01.2021
  • 0

2021-жылдын 19-январында И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин администрациясынын бир нече ирет кайрылуусунан кийин, Ысык-Көл облусундагы КР өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жантаев Э.Н. жана анын орун басарлары, Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Жумаев Э. окуу жайдын имараттарынын абалы менен таанышып чыгышты.

  • Алар мамлекеттик маанидеги тарыхый архитектуралык имарат болуп эсептелинген окуу корпусун көрүп чыгышып, реставрациялык-ремонттук иштерди жүргүзүүгө акча каражатын бөлүп берүүгө убадаларын беришти. Мындан сырткары, колледждин кызматкерлери жана  жалпы педагогикалык жамааты менен жолугушуп, суроолорго жооп беришти. Алдыга коюлган жакшы ниеттер, ой-тилектер жана максаттар менен жолугушуу жыйынтыкталды, — дейт директор Саламат Молдосанов.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер