ПЕДАГОГДОР ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ СУНУШТАШУУДА

  • 22.12.2022
  • 0

19-декабрдан 23-декабрга чейин Бишкек шаарынын, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин 340тан ашуун мугалимдери жана 100дөн ашуун жетекчилери адамга багытталган долбоорлоо боюнча сунуштарды беришет.

ПЕДАГОГДОР ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ СУНУШТАШУУДА

Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин жакшыртуу боюнча долбоорлорду коргоодо командалар эксперттердин пикирлерин алышат.

Иш-чара балдардын жана жаштардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын калыптандырууда мыкты тажрыйбаларды жана чечимдерди табууга жана жайылтууга багытталган “Мектептер – 2030” программасынын алкагында уюштурулган.
Кыргызстанда бул программаны Билим берүү жана илим министрлиги Ага Хан Фонду жана “Кыргызстандагы тоолуу аймактардагы коомдорду өнүктүрүүнү колдоо” (MSDSP KG) программасы коомдук фонду менен ишке ашырып келет. Программа Нарын, Ош, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы 30 мектепке чейинки жана 70 жалпы билим берүү уюмдары менен иштейт.

Бөлүшүү

Комментарийлер