ПЕДАГОГ — ЖАҢЫ ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧКАН АДАМ

  • 30.04.2020
  • 0

Бүгүнкү күндөгү кырдаал, аргасыздык, муктаждык адамдарды ойлонууга, өз алдынча ой жүгүртүүгө, изденүүгө мажбур кылды. Биз, педагогдор канчалык деңгээлде кесипкөй экендигибизди, канчалык деңгээлде бул кесипти сүйөрүбүздү сынай турган мезгил болду.

 

ПЕДАГОГ - ЖАҢЫ ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧКАН АДАМ

Республикада болуп жаткан кырдаалдан улам, аралыктан окуп жана окутуп жаткан жаткандыгыбызга байланыштуу, анын орунттуу учурларын белгилеп койгум келди.  Аралыктан окутуунун максаты — студенттердин билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо;

  • Предметтер боюнча окуу планында көрсөтүлгөн сааттарды, жүгүртмө боюнча өз убагында өтүү;
  • Аралыктан окутуунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен, темалардын мазмунун, маңызын так, туура түшүндүрүүнүн натыйжалуу жолдорун табуу;
  • Предметтердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен, сөсүз түрдө кайтарым байланышты уюштуруу;
  • Ар бир студенттин кырдаалына түшүнүү менен мамиле жасоо. Аралыктан окутууда студенттерге мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды жаратуу.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков “Азыркы кырдаалда ар бир мугалим өзүнүн дараметин баалай турган мезгил келди” деп эң таасын айтты.

Бүгүнкү күндөгү кырдаал, аргасыздык, муктаждык адамдарды ойлонууга, ой жүгүртүүгө, изденүүгө мажбур кылды. Биз педагогдор канчалык деңгээлде кесипкөй экендигибизди, канчалык деңгээлде бул кесипти сүйөрүбүздү сынай турган мезгил болду.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө аралыктан окутууда жаңыча ой жүгүрткөн, МТКды жаңыча өздөштүргөн, педагогикалык чеберчилигин көрсөткөн, жаңы генерациядагы окутуучулардын армиясы пайда болду десек болчудай. Биз да бул процесстен артта калбашыбыз керек.

Кыргыз агартуучуларынын сап башында турган КР ББИМ, КИА, ЖОЖ, КООЖ жана  билим берүүнүн бардык баскычтары,  аралыктан окутуунун натыйжалуу жолдорун издеп, кырдаалга бат ыңгайлашып, билим берүү жана балдарга мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды жаратуубуз — эли-журтубуздун алдындагы биздин жүзүбүз!

Биз окутуучулар, КР ББИМ карап түздөнөбүз, алар жүргүзгөн реформа менен иш алып барабыз. Бүгүнкү күндө КООЖго министр тарабынан жаңы сабактардын түрлөрүн өздөштүрүү боюнча талаптар коюлду. Аралыктан окутууда, ушундай кырдаалдан жол таап, мүмкүн болушунча балдарды жаңы технологиялар аркылуу окутуу менен билим азыктарын беришибиз керек.  Бүгүнкү кырдаалда КР ББИМнин  ыкчам иш-аракеттери, жасап жаткан иштери мугалимдер командасынын санариптик технологиялар менен иштөөсүн тездетти.

Капилеттен болгон кырдаал, аралыктан окутуу мугалим үчүн көп түйшүктөрдү жаратты. Себеби, мугалим онлайн сабакты жогорку деңгээлде өтүшү үчүн төмөнкүлөр сөзсүз болуш керек эле:

  • Жеке персоналдык компьютер;
  • Уюлдук телефон (Смартфон);
  • Ылдамдыгы бат Интернет;
  • Веб-камера, наушник ж.б. кошумча түзүлүштөр;
  • Мугалимдин МКТ колдонуудагы көндүмдөрү жана билгичтиктери, тажрыйбасы;
  • Студенттердин онлайн окууга катышуусу.

Тилекке каршы бул жөнөкөй нерселер бүгүнкү күндө көйгөйгө айланды. Бирок ушундай абалдан жол таап, топтогон тажрыйбаны, усулду, тарбияны студенттерге берүүнүн түрдүү жолдорун изденүүдөбүз.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кесиптик колледжинин жамааты сүйүктүү студенттерибизди  аралыктан окутуунун алгачкы күндөрүнөн тартып өз милдеттерибизди так аткарууга аракеттендик. Алгачкы эле күндөрү тайпалардын баары ар бир предмет боюнча старосталары, кураторлору, тиешелүү предметтик окутуучуларды кошуп WhatsApp топторун түзүшкөн. Электрондук почталар, студенттер жөнүндө так маалыматтар чогултулуп базага киргизилген. Сабактын жүрүшү, кайтарым байланыш боюнча отчеттор берилип турду. AVN порталына аралыктан текшерүүнүн тесттери жайгаштырылды. Социалдык байланыштардагы окуу жайдын баракчаларына онлайн окуунун кандай өтүп жаткандыгы туралуу процесстер чагылдырылып, студенттер менен тыгыз байланышта болуудабыз. Ар бир окутуучу өз дараметине жараша ар түрдүү платформаларды, программаларды, сайттарды өздөштүрүп, балдарга керектүү билим деңгээлдерин берүүгө аракеттенип жатабыз. Мисалы: Google Classroom, Zoom, Bandicam, Мультисабак ж.б.

Арийне, кандай мыкты ыкмаларды өздөштүрсөк да, мугалимдин студенттер менен аудиториядагы жандуу сабагын эч кайсы маалымат технологиясы алмаштыра албайт.

Педагог — жаңы дүйнөнүн эшигин ачкан адам. Ал — жол баштоочу. Ал педагогдук кесибиндеги өзгөрүүлөргө, жаңы талаптарга даяр болууга тийиш. Мугалим коомдун бекемдигин, интелектуалдык деӊгээлин сактап турат. Мугалим   коомдун алдыңкы сабында болушу керек. Бул оор, бирок сыймыктуу милдет.  Мугалимдерди  ар дайым колдоо керек. Дүйнөдөгү эң асыл кесиптин ээси мугалимдин кадыр-баркын жогорулатуу өлкөнүн, коомчулуктун, көӊүл чордонунда болуусу  абзел.

Мугалим бул – ойлонуучу жана изденүүчү адам. Мугалим дайыма изденүүдө жүргөн билимдүү, акылдуу кесипкөй экендигин көрсөтө турган мезгил келди.  Мугалимдин баасын, баркын билчү мезгил келди!

Жаңыл Нуруева,

Ж. Баласагын атындагы КУУнун 

Кесиптик колледжинин  окутуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер