ПАНДЕМИЯ УБАГЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИН ИШТӨӨ АЛГОРИТМИ

  • 22.10.2020
  • 0

Ош облусунда эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыктан айрым мектептерде реалдуу шартта окуп жаткан класстар аралыкта окуганга өтүштү. Алай, Араван, Кара-Кулжа  райондорунда райондук штаб  түзүлгөн кырдаалга байланыштуу уруксат бербегендиктен, 1-11-класстын окуучулары толук бойдон аралыктан окутулууда. Араван районунда 19-октябрдан 2-ноябрга чейин карантин киргизилди. Окуу процесси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан атайын Алгоритмдин негизинде өтүүдө.     

ПАНДЕМИЯ УБАГЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИН ИШТӨӨ   АЛГОРИТМИ    

Ош билим берүү институтунун директору Г.Турдубаеванын берген маалыматына таянсак,

мектептин шартына жараша атайын түзүлгөн жүгүртмөнүн негизинде сабактар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтүлүүдө.

  • Билим берүү процессин уюштуруу санитардык-гигиена талаптарына ылайык, эпидемияга каршы чараларды (COVID-19) сактоо боюнча иш-аракеттердин Алгоритиминин негизинде жүргүзүлүүдө. Ал эми 2-11-класстарында окутуу аралыктан жүргүзүлүп жатат.  Алай, Араван, Кара-Кулжа  райондорунда райондук штаб  түзүлгөн кырдаалга байланыштуу уруксат бербегендиктен 1-11-класстын окуучулары толук бойдон аралыктан окутулууда. Ош облусундагы жалпы билим берүүчү 547 мектеп болсо, алардын 370де  санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен 1-класстарындагы 24092 окуучуга жана Кара-Суу районундагы 1 мектепте 2-6-класстардын окуучуларына реалдуу режимде окутуу улантылууда, — дейт жетекчи.

Алай жана Араван

Алай райондук билим берүү бѳлүмүнѳ  караштуу мектептерде жана менчик мектепте 1-11-класстардагы 15605 окуучу учурда   үйлѳрүндѳ  онлайн окуп жатышат. Даярдоо класстарда 1299 окуучу окуйт.

  • Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн билим берүү мекемелеринде 2020-жылдын 19-октябрына чейин абал тынч. Бардык мектептерде мамлекеттик программа үзгүлтүккө учурабай, 1-класстардан тартып 11-класстарга чейин окуучулар аралыктан окуп жатышат. Бүгүнкү күндө райондо жалпы 1841 мугалимдер эмгектенип, алардын ичинен 19 мугалим Сovid-19 менен ооруп, анын 14 ооруканада, ал эми беш мугалим үй шартында дарыланып жатат. Араван районунда райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы райондук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде 2020-жылдын 19-октябрынан 2-ноябрына чейин өзгөчө абал режими киргизилди, — дейт Г.Турдубаева.

Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат

Кара-Суу районунда 144 мектептин 1-классына 10213 окуучу катталган. Учурда  2020-жылдын 19-октябрына карата 142 мектептин 1-классында 10213 окуучусу реалдуу режимде окуп жатат. Кайыков атындагы башталгыч мектебинде окуу реалдуу режимде, калган мектептерде 2-11-класстар аралыктан окутулууда. Ал эми Кара-Кулжа районунда оорулуулардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу, 1-11-класстын окуучулары аралыктан окуп жатышат.

  • Ноокат району боюнча жалпысынан  105 билим берүү мекемелеринде 7158  окуучу 1-класстарга тартылып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан атайын Алгоритимдин негизинде окутулууда. Ага ылайык мектептин шартына жараша атайын түзүлгөн жүгүртмөнүн негизинде сабактар санитардык эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтүлүүдө. Балдардын дене табы тепловизор менен текшерилип, колдору ар бир чыгуу жана кирүү учурларында антисептиктер менен тазаланып, окуу кааналары ар бир тыныгууда желдетилип жатат.  Окуучунун саны 25тен жогору болгон класстарда эки группага бөлүнүп окутулууда. Ал эми  2-11-класстардын  окуучулары толугу менен дистанттык формада билим алып жатышат, — дейт директор.

Өзгөн

Ош облусунун Өзгөн районунда бардыгы болуп 97 мектеп бар. 1-класста 4475 бала окуса, 2-6-класста – 12426, жалпы 1-6-класста 16901 окуучу билим алат.

Учурда бардык мектептер санитардык нормага туура келүүчү жабдыктар менен каржыланып, ар бир мектепке кол жуугучтар орнотулуп, антисептиктер менен камсыздалыптыр. Окуучулардын денесинин температурасын аралыктан өлчөө үчүн    тепловизорлор  сатылып алынган. Мындан сырткары класстык бөлмөлөр, дааратканалар дезинфекцияланып, бөлмөлөрдү тез-тез желдетүү үчүн шарттар түзүлгөн.

Жергиликтүү айыл өкмөттөрүнүн окуучуларды реалдуу режимде окутууга даяр экендиги тууралуу сунуш катынын негизинде, Өзгөн райондук оорулардын алдын алуу жана   мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун  уруксаты алынып, мектеп окуучуларын реалдуу шартта окутууга мүмкүн экендиги тастыкталган.

  • Азыркы мезгилде район боюнча кээ бир айыл өкмөттөрүндө абал туруктуу болбой, оору күч алып жаткан райондордун мектеп жетекчилерине ата-энелер, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана СЭС менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абалга карата иш алып баруусу тапшырылды, башкача айтканда азыркы мезгилде окуп жаткан 1-класстын окуучуларынын салттуу түрдө же аралыктан окутууну кароо маселеси милдеттендирилди, — дейт Гүлмира Турдубаева.

Өзгөн шаарындагы мектептердин баарында санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен 1-класстарындагы 1819 окуучуга реалдуу режимде, 2-11-класстарында окуучулары онлайн түрүндө окуп жатышат. Бардык билим берүү уюмдарынын кызматкерлери штаттык бирдиктин негизинде өз иштерин улантууда.

Ошондой эле Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу 17 мектепте 5806 окуучу тартылган, алардын ичинен 1-класска 612 окуучу кабыл алынган. Учурда 1-класстын окуучулары реалдуу режимде окуп жатышат. Ал эми 2-11-класстар аралыктан окутулууда.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Кошумча маалымат

Ош облусундагы жалпы билим берүү мекемелеринин абалы жөнүндө маалымат (21.10.2020)

РайондорМектептердин саныАралыктан окуп жаткан мектептер1-класстын окуучуларынын саныРеалдуу режимде окуп жаткан мектептер
1-класс2-6 класс
1Алай5252178700
2Араван5757317600
3Кара-Суу14414398301431 (Кайыков атындагы башталгыч мектеби)
4Кара-Кулжа5656173600
5Ноокат11511571581050
6Өзгөн району97974475970
7Чоң-Алай1717611170
8Өзгөн шаары88181980
9У. Салиева11000
9Ош облусу547547307913701-(2-6 класстар)

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер