БИШКЕКТЕ ШКУГА МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ИЛИМ ЖАНА ТЕХНИКА БОЮНЧА ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ КЕҢЕШМЕСИ ӨТӨТ

  • 19.05.2026
  • 0

2026-жылдын 22-майында Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин илим жана техника маселелери боюнча министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин Онунчу кеңешмеси өтөт.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги уюштурууда.
Кеңешменин негизги максаты — ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда илим, технология жана инновация тармагындагы кызматташууну чыңдоо, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү.
Жолугушуунун алкагында илимий-техникалык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелери талкууланып, тажрыйба алмашуу жүргүзүлөт. Ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу пландалууда.

БИШКЕКТЕ ШКУГА МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ИЛИМ ЖАНА ТЕХНИКА БОЮНЧА ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ КЕҢЕШМЕСИ ӨТӨТ
Кеңешменин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, атап айтканда:
Кыргыз Республикасы
Беларусь Республикасы
Индия Республикасы
Иран Ислам Республикасы
Казакстан Республикасы
Кытай Эл Республикасы
Пакистан Ислам Республикасы
Россия Федерациясы
Тажикстан Республикасы
Өзбекстан Республикасы
делегациялары, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын өкүлдөрү катышат.
Кеңешме илим, техника жана инновация жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө үчүн маанилүү эл аралык аянтча болот.
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бул кеңешменин өткөрүлүшү эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер