КЫРГЫЗ ТИЛИНЕН ЭКЗАМЕН: «ЭКИ» АЛГАН БАЛА КӨЧПӨЙ КАЛАБЫ?
- 19.05.2026
- 0
Учурда өлкөнүн жалпы билим берүү мектептеринде кыргыз тилинен милдеттүү сынактар өтүп жатат. Бул жараяндын айланасындагы суроолорго Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ибраимова Гүлнара Үмөтбековна жооп берди.
— Гүлнара Үмөтбековна, мектептерде кыргыз тилинен милдеттүү сынактардын кайрадан киргизилишине эмне себеп болду? Бул кандайдыр бир жаңы реформабы?
— Жок, бул күтүүсүз чечим эмес. Негизи 2023-жылдын 17-июлунда №140 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамы кабыл алынган. Анын 17-беренесинде «кыргыз тили боюнча класстан класска көчүрүү сынактары өткөрүлсүн» деген атайын пункт бар. Ошол мыйзам талабын аткаруу максатында биз былтыр, тагыраак айтканда, 2024–2025-окуу жылында алгачкы кадамды жасап, сынактарды 5–6-класстар арасында өткөрдүк.
Илгери мындай тажрыйба бар болчу, кийин токтоп калган. Мурда балдар билет суроолору менен математика, тарых, орус тили сыяктуу бир нече предметтен тапшырышса, азыркы көчүрүү сынагы мыйзамга ылайык бир гана кыргыз тилинен өткөрүлүүдө. Былтыр «биринчи байкап көрөлү» деп чакан масштабда баштаганбыз.
— Былтыркы сынактын жыйынтыгы кандай болду? Окуучулардын билими кандай ыкма менен текшерилди?
— Жыйынтык жаман эмес. Биз былтыр окуучулардын тил байлыгын жана жөндөмүн ар тараптуу текшере алдык. Бул үчүн заманбап «Кыргызтест» тутумуна негизделген беш субтестти колдондук. Алар:
- Жазуу;
- Угуу;
- Окуу;
- Айтып берүү;
- Угуп түшүнүү.
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан 5–6-класстар үчүн атайын эки варианттан турган тапшырмалар иштелип чыккан. Бул ыкма эрежени кургак жаттоону эмес, баланын тилди канчалык терең түшүнгөнүн аныктоого жол ачты.
— Ал эми быйылкы окуу жылында кандай өзгөрүүлөр бар? Кайсы класстар тапшырып жатышат жана график кандай бекитилди?
— Былтыркы тажрыйбадан кийин окуучулар бул форматка көнүп, каныгып калышты. Ошондуктан быйыл курамды кеңейтип, 5-, 6-, 7-, 8- жана 10-класстарды киргиздик. Бул боюнча ушул жылдын 17-апрелинде атайын №509 буйрук кабыл алынган. Тапшырмалардын болжолдуу үлгүлөрү Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин сайтына алдын ала илинип, балдар ошол боюнча даярданышты.
Сынактардын баштапкы графиги мындай болгон:
- 5-класстар: 12–13-май;
- 6-класстар: 14–15-май;
- 7-класстар: 18–19-май;
- 8-класстар: 20–21-май;
- 10-класстар: 25–26-май күндөрү жыйынтыкталышы керек болчу.
Тилекке каршы, графикке бир аз өзгөртүү киргизүүгө туура келди. Биздин буйруктан эки күндөн кийин Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) боюнча буйрук чыкты. Хаос болбошу үчүн анда: «ЖРТ өткөн мектептерде кыргыз тили боюнча сынак туш келип калса, ички буйруктун негизинде башка күнгө жылдырылсын» деген пункт камтылган.
Эгерде ар бир мектеп өз билгениндей күндү тандаса, эреже бузулмак. Себеби Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тапшырмаларды сынак боло турган күнү эртең мененки саат 7:00дө гана сайтка коёт, алдын ала жарыялабайт. Анын үстүнө Курман айт майрамы да туш келип калды.
Жаңыланган график: 5-, 6-класстар сынактарын ЖРТ башталгыча, өз убагында ийгиликтүү бүтүрүштү. Ал эми ЖРТ жана майрам күндөрүнө туш келген 7-, 8-, 10-класстардын сынактары 28–29-майга жылдырылды.
— Сынактардын жылганынан улам «суроолор алдын ала ачылып, балдар жоопторун билип алышпайбы» деген кооптонуулар болбойбу?
— Бул жагдайды алдын ала ойлонуштурганбыз. Бизде тапшырмалардын эки варианты бар. График боюнча өз убагында тапшырган мектептерге биринчи вариант берилген. Ал эми ЖРТнын айынан экзамени жылган 7-, 8-, 10-класстарга экинчи вариант берилет. Ошентип, сынактар ачык-айкын, 29-майда толук аяктайт.
— Мектептеги эң башкы суроо: бул сынактан кимдер бошотулат? Ал эми начар баа алып калган окуучу кийинки класска өтпөй калышы мүмкүнбү?
— Бекитилген жобонун 20-, 21-пункттарына ылайык, төмөнкү окуучулар сынактан бошотулат:
- Жыл бою жалаң «бешке» (эң жакшы) окуган мыкты окуучулар;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окуган атайын мектептердин окуучулары;
- Ден соолугуна байланыштуу операция болгондор же ошол учурда чет өлкөдө жүйөлүү себептер менен жүргөн окуучулар. Мындай учурда ата-энелер далилдүү документтери менен мектеп жетекчилигине кайрылышат, атайын комиссия карап чыгып, бошотуу тууралуу буйрук чыгарат.
Ал эми баа маселесине келсек, конституциялык мыйзамдын 17-беренесинде так жазылган: «Бул сынактан алган баа окуучунун класстан класска өтүүсүнө таасирин тийгизбейт». Демек, бала «эки» алып калса да кийинки класска көчөт. Бул жерде максат – баланы жазалоо эмес, анын тилди билүү деңгээлин аныктап алуу.
— Сиз айткан беш субтест окуучулардын кыргыз тилинде эркин сүйлөп, таза жазышына реалдуу жардам бере алабы?
— Ооба, анткени азыр биз тил окутууда функционалдуулукка басым жасап жатабыз. Мурда «зат атооч же этиш деген эмне?» деген эрежени жаттап берип «5» ала беришчү, бирок сүйлөй алышчу эмес. Азыр болсо, мисалы, «Угуп түшүнүү» субтестинде бала уккан текстин канчалык өздөштүргөнүн кайра тест аркылуу далилдейт.
Бул ыкма былтыр эле кирди, быйыл экинчи жыл. Мугалимдер да, окуучулар да муну жакшы маанай менен кабыл алышты. Окуучулар азыр көлөмдүү текстти кургак жаттоодон качып, кыска тексттин айланасында кеңири ой жүгүртүүгө машыгып жатышат.
— Акыркы суроо: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар менен окутуу башка (орус, өзбек, тажик) тилдерде жүргүзүлгөн класстардын тапшырмаларында айырма барбы?
— Албетте, айырмасы чоң.
- Кыргыз класстарында кыргыз тили «таанытуу, тереңдетүү» иретинде окутулат. Бала тилди билет, эми ал өз оюн кеңири чабыттап, көркөмдөп айтып берүүгө багытталат.
- Окутуу башка тилдердеги класстарда бул – тилди үйрөтүүгө багытталган. Ал жерде баланын там-туң басып, сүйлөп кетишине шарт түзүлөт. Тапшырмалары алда канча жеңилирээк.
Кыскасы, кыргыз класстарында тилди андан ары тереңдетип билүүсүнө басым жасасак, окутуу башка тилдерде жүргүзүлгөн класстарда аны баарлашуу куралы катары үйрөтөбүз.
- Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер