ПАК ЗОЯ АЛЕКСЕЕВНА — НЕКРОЛОГ

  • 03.07.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын 2-июлунда Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Пак Зоя Алексеевна каза болгондугун кайгыруу менен кабарлайт. Бул министрлик үчүн эле эмес, жалпы эле билим берүү системасы үчүн орду толгус жоготуу.

Жогорку кесипкөй адис, бийик маданияттын жана чыныгы интеллектуалдыктын адамы катары ал бүт өмүрүн тандаган ишине жана элге кызмат кылууга чексиз арнады.

Пак Зоя Алексеевна 1954-жылы 5-августта Россия Федерациясынын Томск шаарында төрөлгөн. 1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин окуп бүтүргөн.

Ал педагогика тармагында кырк жылдан ашык убакыт талыкпай иштеп келди. Эмгек жолун 1976-жылы Аламүдүн районундагы Чоң-Арык орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.

Зоя Алексеевнанын эң сонун уюштуруучулук таланты бар эле, ошондуктан ага жоопкерчиликтүү кызматтарды ишенип тапшырышчу. Алсак, 1985-жылдан 2000-жылга чейин Аламүдүн районундагы №1 Аламүдүн орто мектебинин тарбиячысынан директоруна чейинки жолду басып өттү. Андан кийин 2000-жылдан 2007-жылга чейин ал Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүндө жана Чүй областтык билим берүү башкармалыгында жооптуу кызматтарды аркалады.

2008-жылы конкурстук негизде З.А. Пак Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси болуп дайындалды. Ошондон бери ал билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга чоң салым кошуп, өзүнүн уюштуруучулук жана координаторлук миссиясын мыкты аткарды.

Зоя Алексеевна мамлекеттик кызматчы катары ар кандай билим берүү программаларынын алкагында квалификациясын дайыма жогорулатып келди, ошондой эле орус тили жана адабияты мугалими катары Росскызматташтыктын долбоорлоруна да активдүү катышып жүрдү. Ал жогорку квалификациядагы мугалим болчу. Билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана педагогикалык ак кызматы үчүн ал “Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

2020-жылы көп жылдык ак эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (ысымы жазылган саат) менен сыйланган.

Зоя Алексеевна абдан эмгекчилдиги менен айырмаланып турчу, өз ишинин майын чыгарган кадыр-барктуу адам болчу, поэзияга жана музыкага жакындыгы бар эле.

Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

 

Б.Д. Купешев, К.Т. Шадыханов, Н.С. Джусупбекова,  Н. К. Омуров, Абдраева А.Т., Чекиров К.А., Абылкасымов Т.Т., Эркинбеков Т., Тоялиев С., Усеналиев М.Дж., Абылкасымова Г.М., Касымова Н.А., Мааткеримова Ч.Н., Баймуратова А.К., Асанов С.Дж., Мураталиева Б.М., Байгатаев Б.М., Чотбаева Г.Т., Калдыбай уулу Мирлан, Ибрагимов Б.А., Бойко Е.В., Кадыркулов Б.А., Жеңиш кызы Назира, Амирова Р.М., Усупбеков М.С., Ибраимова Г.У., Маматов Р.Н., Билбаева Г.Ж., Жаныбек уулу Малик, Азимова Ж., Шамшидинова Б.С., Токтомаметов А.Д., Дюшеева Н.К., Мамбетакунов У.Э., Узбекова Ж.С., Атаканов Н.Ч., Айнекенова А.Р., Аматов Т.А., Эгембердиев К.У., Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана ведомство алдындагы уюмдардын кызматкерлери

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер