ОЮН-ЗООК ӨТҮҮЧҮ КООМДУК ЖАЙЛАР УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ

  • 17.03.2020
  • 0

КР Өкмөтүнүн республикалык штабынын кезектеги жыйынында профилактика максатында түнкү клубдарды, кинотеатрларды, компьютердик клубдарды жана башка балдар көп топтолуучу соода-көңүл ачуу борборлорун убактылуу жаап туруу маселеси каралды.

Аталган коомдук жайларда ишмердүүлүк жүргүзгөн тараптар убактылуу чектөө алынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүдөн, ага катышуудан алыс болуу жана ошондой кызматкерлерди, келгендерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоочу санитайзерлерди, имараттагы абаны тазалоочу жабдыктарды орнотуу сунушталды.

Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондордун акимдерине калк арасында профилактикалык чаралар, мамлекеттик органдардын иштери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин сапаттуу жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө ар бир жаран кырдаалдын олуттуулугун түшүнүп, медицина кызматкерлеринин сунуштарын эске алып, профилактикалык чараларды кармануу менен, өздүк гигиенаны сактоо, учурдагы кырдаал тууралуу балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер