ОТУЗ ЖЫЛДА ЖЕТИШКЕН ОРОШОН ЭМГЕКТЕР

Эгемендүүлүктүн келиши менен өлкөбүздө көп өзгөрүүлөр болду. Көптөгөн жетишкендиктер жаралып, ар бир кыргыз атуулунун жашоо турмушунда да жаңылануу, алдыга болгон умтулуу жандана баштады.

Мен дагы өткөнгө кылчая карап, агартуу тармагына 43 жыл эмгегин арнап, 30 жыл эгемендүүлүктүн тарыхында көптөгөн ийгиликтерге жетишкен жөнөкөй бир мугалимдин бараандуу басып өткөн жолун баяндагым келди.

Мүсүралиев Байышбек Казыбекович Кара-Көл шаарында Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында, тагыраагы, 1991- жылдын күзүндө, жаңыдан ачылган шаардагы №5 орто мектебинде директорлук кызматты аркалоо менен баштаган.

Мугалим өмүрүн өлкөгө багыштаган инсан демекчи, агайдын 30 жыл ичинде агартуу жолундагы алгылыктуу жылдарын төмөндө тизмелей кетүүнү туура көрдүм. Алсак, Байышбек Казыбекович

1993 — жылы областтык «Жыл мугалими» сынагынын жеңүүчүсү болсо,

1997 — жылы ал биринчилерден болуп түзгөн «Манас кабинети областтык кароо-сынакта 1 — орунга ээ болгон.

2004 — жылы алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу боюнча областтык семинар өткөргөн.

2007 — жылы Мугалимдердин республикалык 2- съездине катышкан.

2008 — 2011 — жылдары катары менен Республикалык 23 — 24 — педагогикалык окууларга катышып, анын жасаган доклады 1 — даражадагы диплом менен бааланган.

2010 — 2019 — жылдары «Жылдын мыкты мугалими» наамына эки ирет татыктуу болгон.

2010 — жылы эл аралык илимий конференцияга доклад жасап катышкан.

2011 — жылы республикалык деңгээлде семинарын өткөргөн.

2011 — жылы областтык «Мыкты усулчу» сынагында 1 — орунду жеңип алган.

2012 — 2013 — жылдары илимий-методикалык эки китеби жарык көргөн.

Ушул эле жылы «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган.

Агай мектепте гана иштебестен, шаардагы Кара-Көл колледжинде да көп жылдардан бери студенттерге сабак берип келет. 2014 — жылы «Ж А М У нун эмгек сиңирген кызматкери» деген төш белгисин алууга жетишкен.

2016 — жылы кайрадан республикалык илимий конференцияга чакырылган.

2017 — жылы КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы ыйгарылган.

2019 — жылы Кыргыз Билим берүү академиясы тарабынан окуу-усулдук колдонмосу чыгарылган.

Ушул  эле жылдын күзүндө 60 жылдыгын утурлай агай Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата «Оюмда сенсиң, дилимде сенсиң, эне тил!» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөргөн.

30 жыл аралыгында бүтүргөн окуучулары 2 алтын, 6 күмүш медаль, 20 артыкчылык аттестат, 1 «Алтын тамганын» ээси болушкан. Алардын көпчүлүгү республиканын ар кайсы тарабында жооптуу кызматтарда иштешсе, айрымдары агайдын артынан мугалимдин кесибин улантышууда.

16 окуучусу дилбаян жазуу боюнча таймаштарга жана предметтик олимпиадалардын областтык, республикалык турларына катышып, байгелүү орундарды ээлеген. Алты окуучусунун бирден-экиден ыр жана проза жыйнактары жарык көргөн. Алардын бири акын, манасчы, алып баруучу Жылдызбек Турсунбаев азыркы учурда КТРКда эмгектенет.

Агайдын көп жылдардан бери жазган чыгармалары, макалалары, иш-тажрыйбалары  “Мугалимдер дүйнөсү», «Дил», «Кутбилим сабак» гезиттеринде жарыяланып келет.

Мына ушундай эгемендүүлүк менен тең жарышып, өлкөнүн өнүгүшүнө,  агартуу тармагында арыштуу кадам таштаган агайыбыз азыр шаарыбыздагы Д.Шопоков атындагы № 4 мектепте үзүрлүү эмгектенип жаткан учуру.

Эмесе агайдын агартуучулук жооптуу ишине ийгилик каалайбыз!

Т. Орозова, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн методисти

Бөлүшүү

Комментарийлер