ОШТУНУН ЖЕТЕКЧИЛИГИ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

  • 05.02.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору, доцент У.Мамытов окуу жайдын студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Окуу жай жетекчилиги менен студенттердин жолугушуусу жыл сайын жылына эки жолу кышкы жана жазгы семестрдин башталышында өткөрүлүп келет. Бул жолугушуунун максаты жетекчилик менен ар бир студенттин жеке байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, жаштарды университетте билим алууларына татыктуу шарттарды түзүү жана аларды келечекке коомдо өз ордун татыктуу табууга шыктандыруу болуп саналат.

ОШТУНУН ЖЕТЕКЧИЛИГИ СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Иш-чарада студенттер проректорго өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, окуу, контракт, предмет жана семестр тууралуу маселелер талкууланды. Проректор У.Мамытов өз сөзүндө биздин университетте билим алып жатышкан студенттер үчүн мүмкүн болушунча мыкты шарттар түзүлөөрүн, алардын бир гана окуу менен чектелбестен ар тараптуу өнүгүүсүнө университет жамааты аракет кылаарын билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер