ОШТУнун  СТУДЕНТТЕРИ Б.МУРЗУБРАИМОВДУН СТИПЕНДИЯСЫНА ЭЭ БОЛУШТУ

  • 25.10.2022
  • 0

ОШТУнун  СТУДЕНТТЕРИ Б.МУРЗУБРАИМОВДУН СТИПЕНДИЯСЫНА ЭЭ БОЛУШТУ

Ош технологиялык университетинин академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун алдыңкы студенттерине “Академик Б. Мурзубраимов атындагы стипендия” тапшырылды.  

Бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, окуунун мыктыларына, спорттук, маданий жана коомдук иштерге активдүү катышкан алты студентке 3000 сомдон берилип турат.

Тапшыруу аземине Ош технологиялык университетинин ректору Турсунбаев Жанболот катышып, студенттерди бул ийгиликтери менен куттуктады жана институттун алдыңкы окутуучуларына Ардак грамота тапшырды.

ОШТУнун  СТУДЕНТТЕРИ Б.МУРЗУБРАИМОВДУН СТИПЕНДИЯСЫНА ЭЭ БОЛУШТУ

Академик Мурзубраимов Бектемир 130дан ашык илимий эмгектердин автору. Алардын көпчүлүгү СССР Илимдер академиясынын журналына жана союздук конференциялардын материалдарына жарыяланып, чет элдик тилдерге которулган. Мамлекеттин жетекчилигинде Ош мамлекеттик университетинин химиктери менен турмуш-тиричилик үчүн маанилүү элементтердин аракеттенүүсүнүн илимий негиздерин иштеп чыгып, жаңы натыйжалуулукка ээ болгон биоактивдүү препараттарды синтездөөдө зор эмгек жасаган. СССР эл агартуу жана элге жогорку билим берүүнүн, Кыргыз ССР элге билим берүүнүн отличниги. Лениндин 100 жылдыгына карата «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы, СССР ИАнын Курнаков атындагы эстелик медалы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты болуп шайланган.

Бөлүшүү

Комментарийлер