ОШТУНУН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДАГЫ ИЙГИЛИКТЕРИ

  • 28.12.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинин айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын студенттери, магистранттары жана магистрлери эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, ийгилик жаратты.

ОШТУНУН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДАГЫ ИЙГИЛИКТЕРИ

Университеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Россия Федерациясынын И.С.Тургенев атындагы Орел мамлекеттик университети уюштурган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышкан Шерова Айзат, Чынтураева Каныкей, Маматиса кызы Гулиза жана Адылмырза кызы Арууке үчүн “Биотехнологиянын горизонттору” аталышындагы конференциянын жыйынтыгы ийгиликтүү болду.

ОШТУНУН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДАГЫ ИЙГИЛИКТЕРИ

Тагыраак айтканда, илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгында ОшТУнун жаш окумуштуулары илимий изилдөө сынагынын негизги жеңүүчүлөрү деп табылды. Конференциянын уюштуруучулары жана жеңүүчүлөрдү аныктоо комиссиясы ОшТУдан барган катышуучулардын илимий иштерине эң жогору бааларын беришти.

ОШТУНУН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДАГЫ ИЙГИЛИКТЕРИ

Бөлүшүү

Комментарийлер