ОШТУДА СЕМИНАР-ТРЕНИНГ УЮШТУРУЛДУ

  • 10.06.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын базасында өткөн семинар фермерлерге, өндүрүүчүлөргө, мөмө-жемиштерди, жаңгактарды өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө арналды.

Семинар «SUFACHAIN» Борбордук Азиядагы токой жана агротокой чарбалык нарк чынжырларында азыктарды, процесстерди жана чакан, орто бизнести өнүктүрүү аркылуу туруктуу жерди башкарууга көмөк көрсөтүү долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бул иш-чара Германиянын федералдык билим берүү жана илимий изилдөө министрлиги тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы кошумча нарк чынжырчасында жана агро токой чарбасында продуктыларды, процесстерди, чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү аркылуу жер ресурстарын туруктуу башкарууга көмөк көрсөтүү» изилдөө долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Тренерлер: т.и.к., доцент, Дрезден техникалык университетинин изилдөөчүсү (Германия) Жамиля Сманалиева, т.и.к., доцент, кафедра башчысы Жылдыз Ирматова, б.и.к., доцент Гүлбарчын Исраилова Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген ишкерлерге сабак өтүштү.

Семинардын биринчи күнүндө жашылча жемиштерди кургатуунун технологиясы жана сапатты текшерүү боюнча окутуу жана практикалык сабактар болду. Практикалык жумушту кафедранын магистри Маматиса кызы Гулиза жүргүздү.

Жыйынтыгында катышуучулар сертификаттарга ээ болушту.

Асылзат ЭРГЕШОВА,
ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер