ОШТУда РОБОТ ТЕХНИКАЛАРЫН ОКУТУУ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 11.02.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин базасында информатика- программалоо  жана   байланыш   багытындагы  студенттери үчүн робот техникаларын окутуу лабораториялык борбору  ачылды.

Лаборатория керектүү электрондук шаймандар менен жабдылган жана окуу курсу студенттер үчүн акысыз. Студенттер робототехниканы, электрониканын жардамы менен аткарылуучу илимий тажрыйбаларды жана роботторду проектирлөө, конструктурлоо  жана  программалоо  жөндөмдөрүн   үйрөнө алышат. Бул окуу-лаборатория “STEAM — 21-кылымдын жөндөмдөрүн  өнүктүрүү” долбоорунун  алкагында ачылды. Аталган долбоор  АКШнын  Кыргызстандагы  элчилиги  тарабынан  каржыланат.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер