ОШТУДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 05.10.2020
  • 0

Ош технологиялык университети Мугалимдер күнүн  салтанаттуу белгилеп, окутуунун алдыңкыларына бир катар сыйлыктар тапшырылды.

ОШТУДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Иш-чарада алгач ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов окутуучулук-профессордук курамды куттуктап, алардын жасаган эмгектери бүгүнкү күндѳгү коомду кыймылдаткан бардык күчтѳргѳ тиешелүү экендигин, бул кесип ары татаал, ары кызыктуу, түйшүктүү кесип болсо да кесиптештер жаштарга татыктуу тарбия, тереӊ инженердик-технологиялык билим берип жаткандыгын белгилеп ѳттү. Билим берүүдѳ татыктуу эмгектенген алдыӊкы мугалимдерге окуу жайдын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ош облустук Билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети дагы бул окуу жайдын агартуучуларын унутта калтырышкан жок. Нармырзаев Артур жана Мамадалиев Мирланды Ардак грамотасы менен сыйлашты. ОшТУнун бириккен профсоюз комитети тарабынан мугалимдерге баалуу белектер ыйгарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер