ОШТУДА ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 18.02.2021
  • 0

21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош технологиялык университетинде салтанаттуу кече онлайн режиминде  өттү.

Майрамдык салтанат окуу жайдын кыргыз жана орус тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар улуттун маданияты, каада-салты, үрп-адаттары, көркөм ырларды окуу жана Манас айтуу, элдик ырлар, бийлер, күүлөр тартууланып, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, майрам жогорку деңгээлде өттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер