ОШТУ ЯПОНИЯНЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН КЕҢЕЙТЕТ

  • 18.01.2023
  • 0

ОШТУ ЯПОНИЯНЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН КЕҢЕЙТЕТ

Кыргызстандагы инсанды өнүктүрүүнүн кыргыз-япон борборунун тең жетекчиси А.Азимов жана Киото университетинин профессору Т. Сома Ош технологиялык университетинде болду.

ОШТУ ЯПОНИЯНЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН КЕҢЕЙТЕТ

Конокторду окуу жайдын ректору Ж. Турсунбаев кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу тууралуу макулдашышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Япониянын жогорку окуу жайлары менен билим берүү жана илим тармагында кеңири кызматташуу жөнүндө кеңири сөз болду. Мында билим берүүдө эл аралык деңгээлдеги иш-аракеттерге басым жасоо, эл аралык илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, эки тараптуу академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү ж. б. маселелер талкууланды. Бул тууралуу окуу жайдан маалымдашты.

Ч.Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер