ОШТУ СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕ АЛДЫДА
- 23.04.2021
- 0
Ош шаарындагы «Мурас» инновациялык колледжинде окуу жайлар аралык ынтымакты бекемдеген спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Бул достук мелдешке «Мурас» инновациялык колледжи, Ош мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык колледжи, Ош соода-экономикалык колледжи, Кыргыз-Өзбек университетинин Кесиптик колледжи жана Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжи катышып, спорттун волейбол, аркан тартыш түрү боюнча күч сынашышты. Жыйынтыгында ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи волейбол боюнча биринчи орунду, аркан тартыш боюнча экинчи орунду камсыз кылып, спорттук мелдештин жалпы эсебинде биринчи орунга ээ болушту.
Бөлүшүү
Комментарийлер