ОШТУ ОКУУ ЖАЙДЫН ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫН СЫЙЛАДЫ

  • 27.12.2023
  • 0

Кирип келе жаткан 2024-жылды утурлай уюштурулган салатанаттуу жаңы жылдык кечеде ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев жалпы жамаатты жаңы жылы менен куттуктады. Майрамдык кече экономика жана башкаруу факультети даярдаган кызыктуу оюн-зооктор, ыр, бийлер жана концерттик программалар менен коштолуп, жыл мыктылары сыйланды.

ОШТУ ОКУУ ЖАЙДЫН ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫН СЫЙЛАДЫ  Университеттин жыл мыктылары аталгандарга 14 номинация боюнча  диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Алсак, “Жылдын мыкты студенти” номинациясы боюнча энергетика факультетинин студенти А.Турапов, “Жылдын мыкты спортсмен студенти” — энергетика факультетинин студенти Адил уулу Алымбек, “Жылдын мыкты куратору” — кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программа менен камсыздоо кафедрасынын ага окутуучусу, ИиВТ-1-22 тайпасынын куратору Г.Мамажакыпова, “Жылдын мыкты админстративдык-чарба бөлүмүнүн кызматкери” — административдик-чарба бөлүмүнүн механиги Кубанычбек уулу Нуржигит, “Жылдын мыкты магистранты” — кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программа менен камсыздоо кафедрасынын магистранты Н.Ташбаева, “Жылдын мыкты аспиранты” — кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин Байланыш түйүндөрү жана телекоммуникация системалары кафедрасынын аспиранты А.Нышанова, “Жылдын мыкты лектору” — энергетика факультетинин Электр станциялары, тармактары жана торлору” кафедрасынын доценти М.Элчиева, “Жылдын мыкты лектору” — кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин Компьютердик лингвистика кафедрасынын доценти А.Шерматова, “Жылдын мыкты окуу-усулдук колдонмосу” — автоунаа жана тейлөөнүн технологиясы факультетинин Сызма геометрия жана графикалык дизайн кафедрасынын доценти А.Жусупов, “Жылдын мыкты илимий изилдөөчүсү” — технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин Пайдалуу кендердин геологиясы кафедрасынын профессору Н.Калдыбаев, “Жылдын мыкты окуу-усулдук лабораториясы” — энергетика факультетинин Электр менен жабдуу кафедрасынын “Электр жабдыктарын монтаждоо технологиясы”  лабораториясы, “Жылдын мыкты административдик башкаруу аппаратынын кызматкери” — Студенттер боюнча кадрлар бөлүмүнүн ага инспектору Б.Бобулова, “Жылдын мыкты кафедрасы” — экономика жана башкаруу факультетинин Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы жана “Жылдын мыкты факультети” деп архитектура жана курулуш факультети табылып, жогоруда аттары аталгандардын жыл ичинде жараткан ийгиликтери белгиленди.

ОШТУ ОКУУ ЖАЙДЫН ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫН СЫЙЛАДЫ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер