ОШТУ IPCHAIN СИТЕМАСЫНА КОШУЛДУ
- 26.09.2023
- 0
ОшТУнун ректору IPChain ассоциациясынын Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.
Ж.Турсунбаев Россия Федерациясындагы “Интеллектуалдык менчик укуктары жана объектилери менен транзакцияларды кайра иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор” Ассоциациясынын (IPChain ассоциациясы) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн директору Ы.Т.Турсуналиева жана кеңешчиси Ж.Ж.Садыкова, өнүгүү боюнча жетекчиси В.В. Буняк менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.
IPChain санариптик инфраструктурасы өлкөнүн интеллектуалдык капиталын, илимпоздордун, маданияттын, искусствонун жана заманбап технологиялардын чыгармачылыгынын натыйжаларын коргоо жана аны экономикалык жүгүртүүгө тартуу үчүн сапаттык жаңы шарттарды түзөт.
Бөлүшүү
Комментарийлер