ОшТУ ЧЖУНХЕ ЮЖЕНЬ ОКУУ ЖАЙЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 18.10.2022
  • 0

ОшТУ ЧЖУНХЕ ЮЖЕНЬ ОКУУ ЖАЙЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Ош шаардык мэриясы, Ош технологиялык университети жана “Кыргыз-Кытай инвестициялык жалпы палата ассоциациясы” бирикмеси Кытай Эл Республикасынын Шицзячжуан шаарынын тышкы иштер жана билим берүү багытындагы адистери менен онлайн конференция өткөрдү.

ОшТУ ЧЖУНХЕ ЮЖЕНЬ ОКУУ ЖАЙЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Иш-чарада эки өлкөнүн ортосунда билим берүү багыты боюнча байланышты чыңдоо максатындагы бир топ сунуштар айтылып, талкуу жүрдү. Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгы тарабынан эки тараптын байланышуусунда көмөк көрсөтөрүн билдирди. Бул иш-чаранын жүрүшү менен кесиптик билим берүү жаатында “Кыргызская мастерская Лу бань” долбоорунун алкагында Ош технологиялык университети менен Шицзячжуан шаарындагы Чжунхе Южень окуу жайынын ортосунда  кызматташтык тууралуу келишимдерге кол коюлду.  Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер