ОШТУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН АРАЛЫКТАН УЗАТТЫ

  • 30.06.2020
  • 0

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту бүтүрүүчүлөрүн узатуу иш-чарасын онлайн өткөрдү.

ОШТУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН АРАЛЫКТАН УЗАТТЫ

«Ак жол сага, бүтүрүүчү» аттуу салтанат онлайн режиминде  Zoom платформасы аркылуу өтүп, ага ОшТУнун ректору А.Абидов, факультеттердин декандары, профессордук-окутуучулар курамы, кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү жана институттун бүтүрүүчүлөрү катышты.

ОШТУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН АРАЛЫКТАН УЗАТТЫ

А.Абидов алгач университеттин ишмердүүлүгү, алдыдагы максаттары туурасында кыскача токтолуп, аталган институттун орто кесиптик билим берүү программасы боюнча бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалап, ОшТУ дайыма бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанаарын баса белгиледи. Ушундай эле каалоо-тилектерди иш-чаранын коноктору, студенттер, кураторлор да билдиришти.

Быйыл бул институтту жети адистик боюнча 335 студент ийгиликтүү аяктап, анын сегизи артыкчылык дипломуна ээ болушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер