ОШТОГУ N38 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНДА ЗАМАНБАП КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ
- 24.03.2020
- 0
Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы N38 мектеп-гимназиясында ата-энелердин демөөрчүлүгү менен заманбап китепкана ачылды. Бул тууралуу мектептин соц.педагогу Наргиза Эркебай кызы маалымдады.
Салтанатта «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына карата «Атам, апам жана мен» аттуу конкурс өткөрүлдү. Ага башталгыч класстардын окуучулары ата-энелери менен катышышты. Сынак беш этапта өттү.
Алгач окуучулар ата-энелери менен биргеликте өздөрүн тааныштырып, үйдө биргеликте колдо жасаган буюмдарын презентация кылышты. Андан кийин блиц-турнир болуп, макалдын жарымы берилип, окуучулар ата-энелери менен биргеликте макалдын жарымын улашты. 3-бөлүктө балдардын ден соолугуна кам көрүү боюнча мектептин дарыгери Шавкат кызы Аккыз ата-энелерге бир нече суроолорду берип, жооптордун жыйынтыгында ата-энелердин балдарына кантип кам көрүп жатканы тууралуу маалымат алынды. 4-кезекте балдардын коопсуздугун сактоо боюнча мектептин Жашы жете электер менен иштөө инспектору Айсаев Кыял ата‐энелерге тиешелүү суроолорду берди. Акырында эркин темада ата-энелер балдары менен чогуу жасаган өз чыгармачылыктарын көрсөтүштү.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси, шаар боюнча китепканачылардын башчысы Самидинова Дилбар бул иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгилеп, мектеп жетекчилигине жана уюштуруучуларга, мектептин китепканачысына жана ата-энелерге ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.
«Келгиле, окуйбуз » долбоорунун координатору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирзакаримова Мумина болсо конкурска ата-энелердин жана окуучулардын активдүү катышканын баса белгилеп, окуучуларды «Келгиле, окуйбуз » долбоорунун алкагында жаңы методдор менен окуучуларды окутуп келе жаткан башталгыч класстын мугалимдерине ыраазычылыгын билдирди.
Мектептин Камкорчулар кеңешинин мүчөсү жана ата-энелер комитети Орунбаева Разия: — Азыр колдон келишинче ата-энелер менен биргеликте балдарыбыздын келечеги үчүн мектептин китепканасын заманбап стилде жасалгалап бердик. Буюрса, жакында электрондук китепкана кылып беребиз, мектеп үчүн жардамыбызды аябайбыз, — деген оюн билдирди.
Комментарийлер