ОШТОГУ МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДА «МАНАС ЖУМАЛЫГЫ» БАШТАЛДЫ

  • 04.12.2018
  • 0

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 3-7-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтүүдө. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А. Асанов билдиргендей, бул жумалык «4-декабрь — Манас күнүнө» байланыштуу уюштурулуп жатат.

ОШТОГУ МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДА «МАНАС ЖУМАЛЫГЫ» БАШТАЛДЫ

ОШТОГУ МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДА «МАНАС ЖУМАЛЫГЫ» БАШТАЛДЫ

Аталган жумалыктын алкагында бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдар арасында «Манасым — менин мурасым» аттуу ураанда манас айтуу, «Манас — балдардын көзү менен» аттуу сүрөт тартуу жарышы болуп жатат жана анын галереясы түзүлөт .

ОШТОГУ МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДА «МАНАС ЖУМАЛЫГЫ» БАШТАЛДЫ

Ал эми мектептерде «Манас жумалыгынын» алкагында алп манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы жыйынтыкталып, буга байланыштуу ачык сабактар, класстык сааттар көргөзмөлөр, сахналык программалар жана талкуулар уюштурулат. Андан сырткары 8-10-класстын окуучуларынын арасында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өтмөкчү.

ОШТОГУ МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДА «МАНАС ЖУМАЛЫГЫ» БАШТАЛДЫ

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринде өтүп жаткан бул жумалык Ош шаарында экинчи жылы уюштурулуп жатат.

Эске сала кетсек, 2015-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Манас» эпосунун күнүн 4-декабрда белгилөө жөнүндөгү атайын токтому чыккан.

Бөлүшүү

Комментарийлер