ОШТО ХХI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ КҮЧ СЫНАШУУДА

  • 15.05.2018
  • 0

ОШТО ХХI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ КҮЧ СЫНАШУУДА

«Алтын түйүн» балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын «БИЗ – ХХI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫБЫЗ» аттуу эл аралык сынагы Ош шаарында старт алды. Сынакка Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 300дөн ашуун жаш ойлоп табуучулар катышууда.  

Сынактын ачылыш салтанаты бүгүн Ош драмалык театрында өтүп, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, КР өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Батырканова Сияпат, Ош облусунун губернаторунун орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саипжан Эркинбаев, Ош шаарынын агартуу тармагы жана жетекчилери катышты. Анда алгач жаш ойлоп табуучулардын иштеринин көргөзмөсү болуп, эў мыкты иштер көрүүчүлөргө тартууланды.

ОШТО ХХI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ КҮЧ СЫНАШУУДА

Күндүн экинчи жарымында жаўы теориялык иштелмелер жана моделдер — курулуш жана транспорттун жаш техниктери, агроөнөр жай комплексинин жаш техниктери, өнөр жайдын жаш техниктери; приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникацялык системалар; энергия жана энергосарамжалдоочу технологиялар; маалыматтык-технологиялар жана программалоо; робототехника жана автоматташтырылган технологиялар; интеграция; шахмат боюнча турнир; авиамоделизм номинациялары боюнча катышуучулар Ош техникалык университетинде өздөрүнүн моделдерин жактап жатышат. Долбоорлорду жактоо эки күнгө уланат. Жыйынтыгы 17-майда чыгарылып, жеўүүчүлөргө белектер Ош драмалык театрында өтө турган жабылуу аземинде тапшырылат.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер