Ошто билим берүү жана социалдык коргоо кызматкерлеринин кесиптик бирликтери күнү белгиленди

  • 17.10.2025
  • 0

Бүгүн Ош шаарындагы №11 В. В. Терешкова атындагы жатак-мектебинде билим берүү жана социалдык коргоо кызматкерлеринин кесиптик бирликтери күнү белгиленип, салтанаттуу иш-чара өттү.

Ошто билим берүү жана социалдык коргоо кызматкерлеринин кесиптик бирликтери күнү белгиленди

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, мугалимдерди жана тармак кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

— Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, келечек муундарды окутуп-тарбиялоого кошкон зор салымыңыздар өлкөбүздүн өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизет. Ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем, — деди министр өз сөзүндө

Майрамдык иш-чара 5-октябрда белгиленген Билим берүү кызматкерлеринин күнү жана 19-октябрда белгиленүүчү Социалдык коргоо кызматкерлеринин жана кесиптик бирликтердин күнүнө карата уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгек сиңирген бир катар мугалимдер жана кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Алар:

Айтолкун Аттокурова — Ош шаарындагы №52 “Кыргыз–Түрк достугу” мектебинин башталгыч класстарынын мугалими, табигый илимдер усулдук бирикмесинин жетекчиси;

Перизат Ибраимова — Ош шаарындагы №52 “Кыргыз–Түрк достугу” мектебинин башталгыч класстарынын мугалими;

Айдана Кадырова — Ош шаарындагы №5 Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин биология мугалими;

Бакытбек Боркошов — Ош шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы.

Мындан сырткары, Ош шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитети агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага ыраазычылык кат тапшырды.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер