Ошто бала бакчанын кем-карчын мэр эки саатта чечти

  • 10.09.2025
  • 0
Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев «Аалам нуру» бала бакчасынын духовка сураган өтүнүчүн ыкчам карап, эки саатта эки духовка жеткиртип берди.
Ош шаарынын расмий баракчасындагы кабарга караганда, мэр аталган бала бакчага 9-сентябрда барган учурунда андагы кем-карч жөнүндө бакча башчысы өтүнүч келтирген.
Мэр ошол замат эле бала бакчага ашкана жабдыктарын белек кылууну убада кылып, эки сааттан соң балдар бакчасына эки духовка, ага кошуп бир муздаткыч жеткирилип берилди.
Жеңишбек Токторбаев жаңы окуу жылынын алдында да, андан кийин да шаардагы мектептер менен бала бакчаларды, жогорку окуу жайларын тынбай кыдырып, андагы даярдыктан кабар алып, социалдык-материалдык маселелерин, кем-карчын чечип берип жатканы соцмедиадан байма-бай кабарланууда.
Ошто бала бакчанын кем-карчын мэр эки саатта чечти
Мэр буга чейин мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, коррупцияны токтотуу, балдарды окууга, бакчага киргизүүдө мыйзамсыз акча чогултууга жол бербөө, билим сапатын көтөрүү талабын койгон эле.
Ошону менен бирге билим берүү мекемелеринин шарттарын жакшыртуу боюнча мэрия тиешелүү иштерди алып барарын билдирген.
Ош шаарында 84 бала бакча жана 88 жалпы билим берүүчү мектеп бар. Мектептерде 86 миңден ашык окуучу бар жана 3891 мугалим эмгектенет. Шаарда ошондой эле үч башталгыч кесиптик окуу жайы бар. Төрт жогорку окуу жайында 91 396 студент окуйт.
(Б.К)
Ошто бала бакчанын кем-карчын мэр эки саатта чечти
Бөлүшүү

Комментарийлер