ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ

  • 26.11.2021
  • 0

Бишкек шаарында «Fasionweek — 21 Kyrgyzstan» мода жумалыгынын алкагында өткөн “Next Fasion дизайн” сынагында ОшМУнун искусство факультетинин студенттери 1-орунду жеңип алышты.

Искусство факультетинин дизайн багытында билим алып жаткан 4-курстун студенттери  Токтосун кызы Нуркыз “Трикотажный бум”, Туралы кызы Нурзат “Заманбап этника”, Усенбай кызы Орозайым “Авангард” номинациялары боюнча 1-орунду ээледи. Жетекчиси дизайн кафедрасынын окутуучусу Абдижапар кызы Адина.

“Заманбап этника” номинациясы боюнча 3-курстун студенти Махаматова Нуриза да 1-орунду камсыздады. Жетекчиси дизайн кафедрасынын улук окутуучусу Төрөгельдиева Кимия.

Иш-чара  Кыргызстандын мода индустриясын, жеңил өнөр жайын жана костюм искусствосун колдоп, алдыга жылдыруу максатында уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер