ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЫКТЫЯРЧЫ БОЛУУГА ДАЯР

  • 15.02.2018
  • 0

14-февралда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү боюнча катчылыгынын координаторлору Союзбек Надырбеков, Таалай Бердиев жана Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Махабат Тилегенова Ош мамлекеттик университетинде болушуп, студенттер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда ушул жылдын күз айында болуучу  III  Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү тартиби, өзгөчөлүктөрү, жаңылыктары боюнча ой бөлүшүштү. Ошондой эле студенттерди III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө ыктыярчы (волонтер) болуп, мындай жогорку деңгээлде өтүүчү иш-чарада ар тараптан жардам көрсөтүп, иштешүүгө чакырышты. Ыктыярчыларды кабыл алуудагы негизги талаптар жөнүндө маалымат беришти. Студенттердин көпчүлүгү ыктыярчы катары кызмат көрсөтүүгө кызыкдар экендигин айтышты.

Бул окуу жайдын студенттери 2016-жылы өткөн  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ОшМУнун чет тилдер факультетинин жана эл аралык мамилелер факультетинин 14 студенти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112 бирдиктүү нөөмөттүк диспетчердик кызматына» англис, француз жана араб тилдеринде ыктыярчы котормочулар катары жардам көрсөтүшкөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер