ОшМУнун мыктылары сыйланды

  • 14.06.2024
  • 0

ОшМУда 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен “Жылдын мыктылары – 2024” сынактарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп,  жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган студенттерге окуу жайдын «Окумуштуулар кеңешинин стипендиаты» деген сертификаттар жана 5000 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

ОшМУнун мыктылары сыйланды

Ошондой эле ОшМУда жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан тарбия иштерин стимулдаштыруучу конкурстун жеңүүчүлөрүн окуу жайдын кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров  куттуктады. Индустриялдык-педагогикалык колледжинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Ыквал Термечикова “Мыкты менеджер” номинациясы менен, Кыргыз-Кытай   факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Кыяз Каримов “Креативдүү орун басар”, Орус филологиясы факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Чынара Токурова ”Иштерман орун басар” номинациялары менен сыйланып, диплом жана Ысык-Көлдөгү “Санат” пансионатына  3 күндүк жолдонмо менен сыйланышты.

ОшМУнун мыктылары сыйланды

Жыл мыктылары иш чарасынын алкагында “Мыкты акыйкатчы”, “Мыкты жаштар кеңеши” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө жана окуу жайда жыл ичи уюштурулган маданий-массалык, коомдук иштерде активдүү катышкан студенттергерге,  окуу жайдын 85 жылдык мааракесин уюштуруу иштерине активдүү катышкан декандын тарбия иштери боюнча орун басарларына сыйлыктар, ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Сыйлыктарды коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева, билим берүүнүн, изилдөөлөрдүн, инновациялардын сапатын өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландаштыруу департаментинин башчысы Жылдыз Артыковалар тапшырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер