ОшМУнун медициналык клиникасында операция жасалды

  • 10.01.2024
  • 0

ОшМУнун медициналык клиникасында оң өпкөнүн жогорку бөлүгүнүн – Панкоста шишиги тактап айтканда, плевралдык локализациялуу апикалдык рак оорусу менен ооруган адамга операция жасалды. бейтапка лимфа түйүндөрүн кесүү менен оң тарапка торакоскопиялык жогорку лобэктомия операциясы жасалды.

ОшМУнун медициналык клиникасында операция жасалды

Операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор, врач-хирург, онколог Жанек Белеков, Бишкек шаарынан келген хирург профессор Мухамедали Маткалыков жана хирург Арстан Назармаматов ийгиликтүү жасашты.

Клиникадан билдиришкендей учурда бейтаптын абалы туруктуу.

ОшМУнун медициналык клиникасында операция жасалды

ОшМУнун медициналык клиникасында 2023-жылдын январь айында ашказан шишигине чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалган.

Учурда окуу жайдын  клиникасынын операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер