ОШМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН БАЛДАРЫ АКЫСЫЗ МЕДИЦИНАЛЫК КАРООДОН  ӨТҮҮДӨ

  • 02.06.2021
  • 0

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата  ОшМУнун медициналык клиникасында “Дени сак ата-эне — дени сак бала” деген аталыштагы жумалык башталды.

1-июндан 5-июнга чейин уланган жумалыктын  алкагында ОшМУнун бардык структураларында эмгектенген кызматкерлердин  14 жашка чейинки балдары акысыз медициналык  кароодон өтөт.

“Учурда балдар невропотологу, балдар урологу, балдар гинекологу, терапевт, офтальмолог, кардиолог, кулакмурун оорулары боюнча дарыгерлер балдарды көрүп, кеңештерин берүүдө. Зарылдыкка жараша балдар ультрадобуштуу изилдөөлөрдөн, флюорографиядан, электрокардиограмма аппараттарынан текшерүүдөн  өтүп, жалпы анализдери да алынууда. Бул биздин окуу жайда эмгектенген кызматкерлер үчүн дем, шык берет деп ишенебиз”, — дейт ОшМУнун медициналык клиникасынын директору Жазгүл Иметова.

Мындан сырткары жеткинчектердин майрамына карата окуу жайда атайын майрамдык салтанат дагы уюштурулду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер