ОШМУДАГЫ ТИЛ СЫНАГЫ

  • 09.04.2024
  • 0

ОшМУнун тил жана маданият борборлорунун уюштуруусунда университеттин 85 жылдык мааракесине карата «Тил – биримдиктин жана маданияттын башталышы» аттуу интеллектуалдык тил сынагы өттү.

ОШМУДАГЫ ТИЛ СЫНАГЫ

Сынакта «Салам сөздүн энеси», «Поэзия дүйнөсүндө»,  «Үй тапшырмасы: «Тил үйрөнүү – студенттердин изденүүсү менен» темасында видеоролик», «Элдин салты, улуттук код, культтан көрүнүш», ««Кеменгер»  викториналык суроолор боюнча тапшырмалар» беш этаптан турган тапшырмалар берилди. Командалар кыргыз, казак, орус, англис, немис, испан, түрк, жапон, кытай тилдерин алып чыгышты.

Студенттердин көркөм өнөрү жана тил жөндөмүн байкоого арналган сынактын жыйынтыгында, баш байгени «Самурай» – жапон тил тобу, I орунду «Шаңырақ» – казак тил тобу, II орунду «The World Viaduct» – англис тили менен «Коломто» – кыргыз тил топтору, III орунду «Знатоки»– орус тили, «Конфуций» – кытай тили жана «Ay Yildiz» – түрк тил топтору ээлешти.

ОШМУДАГЫ ТИЛ СЫНАГЫ

«Мыкты поэзия» — «Конфуций», «Мыкты видеоролик» — «Ay Yildiz» тобу, «Мыкты улуттук кийим» — «Wunder kinder» немис тил тобу, «Мыкты эпизод» — «Коломто» тобу, «Мыкты креативдүү команда» — «Al liquindoi»– испан тил топтору сыйланды. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Сынак тилдердин маданияттар аралык байланышын өнүктүрүү, студенттердин чыгармачылык жөндөмүн чыңдоо, жаштарды көбүрөөк тил билүүгө багытоо, ОшМУдагы борборлордун иши менен таанышуу максатында уюштурулду.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер