ОШМУДА ЖОЖ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ҮЧҮН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТӨТ

  • 16.09.2020
  • 0

Эртеӊ, 17-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде Президент Сооронбай Жээнбековдун сунушунун негизинде билим берүү системасына санарип ыкмаларды киргизүү боюнча «САНАРИП УНИВЕРСИТЕТ” аттуу практикалык конференция өтөт.

ОШМУДА ЖОЖ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ҮЧҮН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТӨТ

Ага республикадагы кесиптик жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери катышат. Алгач күндүн биринчи жарымында билим берүү жана илим министри Каныбек  ИСАКОВ «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын пандемия кырдаалына ыңгайланышуусу», Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди КОЖОБЕКОВ «Окуу процессин уюштуруу жана башкарууну «Бирдиктүү терезе» принцибинде санариптик трансформациялоо», билим берүү жана илим министринин орун басары  Нурлан ОМУРОВ «Пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруунун өзгөчөлүгү» аттуу  баяндама жасашат.

Андан кийин катышуучулар ОшМУнун музейи, Көз карандысыз тестирлөө борборунда онлайн сабактардын уюштурулушу боюнча практикалык презентациялары, Ош мамлекеттик университетинин маалыматтык-коммуникациялык инфраструктурасы, Дата борбордун иштеши, Индустриалдык-педагогикалык колледжинин алдыңкы тажрыйба борбору, искусство факультетиндеги тигүү цехи, эстрадалык жана  үн жазуучу студияларынын билим берүүдөгү тажрыйбалары менен таанышышат. Эл аралык инвестицияны билим берүүгө тартуунун Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетинин мисалындагы тажрыйбасы, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филалынын окуу корпусунун курулушу менен дагы таанышышат.

Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин спорт комплексинин шарттары, “Ак-Буура” кампусундагы медициналык клиникасы, медицина факультетиндеги виртуалдык клиниканын жана «Адам таануу»  музейинин медициналык билим берүүдөгү  тажрыйбалары, “Билим берүү экспортун” ишке ашыруу тажрыйбасы да көрсөтүлөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер