ОШМУДА ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМ ЖАРЫШЫ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 28.01.2021
  • 0

27-январдан тартып Ош шаарындагы мектеп окуучулары арасында уюштурулуучу предметтик олимпида ОшМУнун базасында өтүүдө. Ош мамлекеттик университети өтүлүүчү жайды жана техникалык жабдууларды толугу менен камсыздап, ошону менен бирге программалык колдоо да көрсөтүүдө.

ОШМУДА ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМ ЖАРЫШЫ ӨТҮП ЖАТАТ

Шаардыгы 64 мектептен 1735 окуучу 11 предмет боюнча күч сынашууда. Учурда алгачкы жыйынтыктар чыгып, катышуучулар, ата-эне, мугалимдер кабардар болушту.

Быйылкы олимпиадага ОшМУ жаңы программалык жабдуу сунуштап, тажрыйбадан өткөрдү. Окуу жайдын порталында ар бир предмет боюнча өзүнчө баракча иштеп, дароо жыйынтыкты көрсөтүп берип турат. Баракчанын шилтемеси аркылуу каалаган колдонуучу олимпиаданын жүрүшү, жыйынтыктары боюнча кабардар боло алат. Бул программаны ОшМУнун программисттери иштеп чыккан.

Олимпиада 29-январда жыйынтыкталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер