ОШМУДА ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 12.05.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, физика, математика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги Келдибай Алымкуловдун  80 жылдык эскерүү мааракесине арналган  «Математиканын актуалдуу маселелери жана билим берүү» аталышындагы  эл аралык илимий конференциянын алкагында  Келдибай Алымкулов атындагы илимий-изилдөө борбор ачылды.

ОШМУДА ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Борборунун ачылышына ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, Орусия, Казакстан, Өзбекстандан келген белгилүү окумуштуулар катышты.

Аталган борбордо окумуштуу, дифференциялдык теңдемелер теориясында өзүнүн мектебин негиздеген насаатчы, педагог Келдибай Алымкуловдун өмүр бою жыйнаган математика илимине арналган сейрек кездешүүчү чет өлкөлүк окумуштуулардын чет тилдердеги, өзүнүн илимий изилдөөлөрүндө пайдаланылган орус, кыргыз тилдериндеги эмгектери, чет өлкөлүк илимий журналдарга жарыяланган илимий изилдөөлөрү коюлган. Борбор акыркы заманбап үлгүдөгү техникалык каражаттар менен камсыздалган.

Алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы Толкун Папиеванын айтымында, өмүр бою дүйнө жыйбай, билим жыйнаган, шакирттерди тарбиялаган, интернет булактары аркылуу, өзү конференцияга барганда чет тилдериндеги математика илимине тиешелүү китептерди жыйнап, өзүнүн илим алуусун өмүр бою улантып келген агайдын бул илимий борбордо колдонгон китептери, изилдөөлөрүн студенттер, магистранттар, аспиранттар, окумуштуулар келип окуп, илимий изилдөө иштеринде пайдалануу максатында ачылды.

Келдибай Алымкулов ОшМУга, Кыргызстанга илимий кадрларды даярдоодо өзүнүн салымын кошкон окумуштуу, анын жетекчилигинде эки илимдин доктору, тогуз илимдин кандидаты илимий иштерин ийгиликтүү коргогон. 150дөн ашуун илимий макалалардын жана монографиялардын автору. 2008-жылы ОшМУнун алдында 01.01.02-дифференциялдык теңдемелер жана 01.01.04- геометрия жана топология адистиктери боюнча илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертациялык кеңешти ачып, 2015-жылга чейин жетектеп келген.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер