ОШМУДА ЭРАЗМУС+ ПРОГРАММАСЫНЫН 3 КҮНДҮК КӨЧМӨ СЕМИНАРЫ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 23.10.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде 22-24-октябрь күндөрүндө Кыргызстандагы Улуттук Эразмус+ программасынын жогорку билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча улуттук эксперттердин көчмө семинары өтүп жатат.

ОШМУДА ЭРАЗМУС+ ПРОГРАММАСЫНЫН 3 КҮНДҮК КӨЧМӨ СЕМИНАРЫ ӨТҮП ЖАТАТ

Семинарга Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров, Кыргызстандагы Улуттук Эразмус+ программасынын улуттук координатору Гулнара Чокушова, жогорку билим берүүнүн реформалоо боюнча улуттук  эксперттик  команданын жетекчиси, И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин окуу иштери боюнча  проректору Мирлан Чыныбаев, улуттук эсперт, Билим берүү министрлигинин өкүлү Гүлзада Дүйшөбаева,улуттук эксперттер Кыргызтан эл аралык университетинин магистратура жогорку мектебинин деканы Рахат Бекбоева, ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Сабыркул Калыгулова, Эл аралык Ала-Тоо университетинин билим берүү жана сапат департаментинин директору Талант Асан уулу, ОшМУнун медициналык клиникасынын директору Роман Калматов, ошондой эле улуттук Эрасмус программасынын долбоорлор боюнча менеджери Гүлдастан Бердикулова жана Ош шаарындагы ЖОЖдордон өкүлдөр, ОшМУнун факультеттердинин декандары, декандын орун басарлары катышууда.

 

“Көчмө семинардын биринчи күнүндө учурдагы санариптешкен муунга билим берүүнү адаптациялоо концепциясы, улуттук квалификациялык системанын структурасын түзүүдө билим, көндүмдөр жана компетенцияларга негиздөө, билим берүү программаларында билим берүүнү экспорттоо, педагогикалык практикаларды уюштурууда дистанттык технологияларды колдонуу,  ички сапат системасын калыптандыруу жана аны өнүктүрүү багытында бир топ практикалык сунуштар айтылды. Семинардагы ар бир баяндама суроо-жооп,талкуулар менен уланууда”, -деди  ОшМУнун сырттан жана дистанттык билим берүү боюнча проректору Таасилкан Жумабаева.

Аталган көчмө семинар 3 күнгө созулат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер