ОШМУДА БИЛИМ МАЙРАМЫ 

  • 28.04.2022
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде билим майрамы өтүп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы 175 мектептен 5 миңге чукул бүтүрүүчү, ата-энелер, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.

Коноктор университеттеги билим берүү үчүн түзүлгөн шарттар, окуу жайдын инфраструктурасы жана адистиктер менен таанышты. Иш-чарада  концерттик программа тартууланып, факультеттердин көргөзмөлөрү, презентациялары көрсөтүлдү.Чет өлкөдө окуп келген студенттер, алдыңкы стипендия ээлери, сыймыктуу бүтүрүүчүлөр  абитуриенттер менен тажрыйбасын бөлүшүп, кесипти туура тандоого багыт беришти.

Мектеп окуучулары арасында  жарыяланган эссе сынагынын  жана ЖРТ боюнча он-лайн тесттин  жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр смартфон, зымсыз кулакчын жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө  “Заманбап билим берүү: сапаттуу адистерди даярдоодо жогорку окуу жайлар менен иш берүүчүлөрдүн байланышынын ролу” аттуу конференция өттү.  Ага  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мектептердин директорлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, иш берүүчүлөр катышты.

Жыйында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайдын келечек пландары, алдыдагы максаттары  тууралуу баян жасады.

Ал эми ОшМУнун орто кесиптик билим берүү уюмдары менен иштөө боюнча проректору Тажимамат Эркебаев “ОшМУга кабыл алынган абитуриенттердин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча анализ” деген темада маалымат берди. Маалыматта  ОшМУда 2021-2022-окуу жылына кабыл алынган студенттердин саны боюнча мектептердин рейтинги чыгарылды. Рейтингдеги биринчи бештикке Ноокат районунун Борко лицейи, У. Салиева атындагы зээндүү балдар лицей-интернаты, М.Гапаров атындагы зээндүү балдар гимназия-интернаты, Ноокат билимканасы, Кадамжай райондук лицей-мектеби кирген. ОшМУ менен кызматташкан алдыңкы мектептерге окуу жайдын атынан дипломдор, баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында мектеп менен жогорку окуу жайлардын байланышын чыңдоого  багытталган баяндамалар жасалып, талкуу болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер