ОШМУ УРАЛ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН  ДАРЫГЕРЛЕРДИ ДАЯРДАЙТ

  • 17.02.2022
  • 0

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Урал мамлекеттик медициналык университетинде болуп, окуу жайдын  ректору Ольга Ковтун, окуу жайдын проректорлору жана тиешелүү жетекчилер менен жолугушту.

Жолугушууда  ректорлор кош дипломдуулук программасына педиатрия адистигин кошуу маселелерин талкуулашты. Ординаторлорду стажировкадан өткөрүү, аспирантурадан кийинки профессионалдык билим берүү, кышкы жана жайкы мектептерди уюштуруу, абитуриенттер үчүн даярдоо факультетин түзүү боюнча биргелешкен иш пландарды талкуулашты. Делегация УрММУга ОшМУдан барып билим алып жаткан үч ординатор менен жолугуп, пикир алышты.

Буга чейин ОшМУ менен Урал мамлекеттик медициналык университети кош дипломдуулук программасы боюнча келишимге кол койгон. 2021-2022-окуу жылында дарылоо иши жана стоматология адистигине  студенттер кабыл алынып, билим алышууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер