ОШМУ САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА ТАЖРЫЙБАСЫ МЕНЕН БӨЛҮШҮҮДӨ

  • 20.10.2020
  • 0

24-сентябрдан бери  Ош мамлекеттик университетинде жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү багытындагы иштер менен жеринде таанышуу жана тажрыйба алмашуу үчүн өлкө аймагындагы жогорку окуу жайларынан делегациялар келип жатат.

Алар ОшМУнун маалыматтык-коммуникациялык инфраструктурасы, Дата борбору, IT академиясы, “Бирдиктүү терезе”, онлайн кабыл алуу,  автоматташтырылган маалымат системасы, электрондук китепкана, онлайн режиминде окутуу  платформалары, финансылык ишмердүүлүктөрдөгү санариптештирүү, электрондук документ айлантуу долбоорун жеринде үйрөнүп жатышат.

“Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетинин тиешелүү структураларынан үч кишиден турган делегация келгенбиз. Ош мамлекеттик университетинде жүрүп жаткан санариптештирүү багытындагы иштер менен таанышып чыктык. Окуу процесси кандай уюштурулуп, кандай программалар колдонулуп жаткандыгын көрдүк, өзүбүзгө керектүү нерселерди алдык, үйрөндүк. Буюрса, ушул көргөн, билгендерибизди окуу жайыбызда пайдаланабыз”, — деди  Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы Талантбек Умаров.

Талас мамлекеттик университетинин STEM администратору Эркин Макаев ОшМУдагы санариптештирүү тууралуу буларды айтты:

“Ош мамлекеттик университетин жогорку окуу жайларынын ичинен бир топ эле алдыда бара жаткан окуу жай катары тааныйбыз. ОшМУдагы онлайн билим берүү багытындагы окуу платформалары, борборлор менен тааныштык. Университетте санариптештирүү багытындагы бардык кызматтар өз-өзүнчө структура катары кызмат көрсөтөт экен. Бизде баары бир кызматка бириктирилген. Өзгөчө вебинар кызматы жакшы жолго коюлуптур, биз ушул кызматты окуу жайыбызга киргизсек жакшы болот экен. Ошондой эле университеттин сайты да бизге жакшы таасир калтырды, сайтта тиешелүү маалыматтар убагында берилип, атайын адистер кызмат көрсөтөт экен, окуу жайдын бардык структуралары боюнча ар бири өз алдынча чагылдырылыптыр. Бул маалыматтар биз үчүн пайдалуу болду”.

Университетте 17-сентябрда өлкө аймагынан жогорку жана орто окуу жайларынын ректорлору, директорлору катышкан “Санарип университет” аталышындагы конференция өткөн. Анда ОшМУ санарип университетти калыптандыруудагы алдыңкы тажрыйбасын көрсөткөн.

Өлкө аймагындагы жогорку окуу жайлардан келген делегациялардын тажрыйба алмашуусу мындан кийин да уланат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер