ОШМУ МЕНЕН СИНЬЦЗЯН УНИВЕРСИТЕТИ КЫЗМАТТАШАТ

  • 10.12.2018
  • 0

ОшМУ менен Синьцзян мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосунда 2018-2023-жылдарда өз ара кызматташуу келишимине кол коюлду.

ОШМУ МЕНЕН СИНЬЦЗЯН УНИВЕРСИТЕТИ КЫЗМАТТАШАТ

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков Кытайдагы иш сапары учурунда Үрүмчү шаарында Синьцзян мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, профессор Пархат Жалал менен жолугушту. Анда эки окуу жайдын ортосунда 2018-2023-жылдарда өз ара кызматташуу келишимине кол коюлду. Каныбек Исаков Конфуций институтунун перспективалары жөнүндө ОшМУнун  стратегиялык планын баса белгилеп, институттун студенттеринин 300дөн ашууну жана дээрлик бардык окутуучулары  Кытайдын алдыңкы университеттеринен академиялык мобилдүүлүктөн өтүп, тажрыйба алгандыгын билдирди.

Беш жыл аралыгында ОшМУнун Конфуций институтуна жаңы окуу корпусу, жатакана курулганын,  Конфуций колледжи түзүлгөнүн, бакалавриаттын толук ишке аша баштагандыгын,  магистратура программасы  өздөштүрүлүп жаткандыгын айтып өтүштү.

Бөлүшүү

Комментарийлер