ОшМУ Гуандун технология жана коммерция институту менен кызматташат
- 21.05.2025
- 0
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Гуандун технология жана коммерция институтунда болду.

Анда ал окуу жайдын заманбап материалдык-техникалык базасы менен жеринен таанышты. Институттун жетекчилиги менен болгон жолугушууда жасалма интеллект, робототехника, автоматташтырылган инженерия, электромеханика багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу боюнча да пикир алышты.

Жолугушуунун соңунда ОшМУ менен Гуандун технология жана коммерция институтунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.
Бөлүшүү








Комментарийлер