ОшМУ – БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧ!

  • 18.06.2026
  • 0

 

ОшМУ – БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧ!

Урматтуу абитуриент!

Кесип тандоо – бул келечегиңди тандоо. Ар бир жаштын ийгиликтүү өмүр жолуна багыт берген эң маанилүү кадамдардын бири – билим алган окуу жайды туура тандоо.

87 жылдык тарыхы бар  Ош мамлекеттик университети бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң ири жана алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири болуп саналат. Учурда университетте 50 миңден ашуун студент билим алып, миңдеген окутуучулар жана кызматкерлер эмгектенүүдө.

ОшМУ өлкөдөгү 11 мамлекеттик университеттин катарында  “Өзгөчө макам” алган окуу жайдын катарын толуктайт.

Университетибиз эл аралык абройлуу QS рейтингинде Азиядагы эң мыкты 984 окуу жайдын ичинен 260-позицияны багындырып, Орто Азия боюнча 65 ЖОЖдун ичинен эң мыкты 13 университеттин катарына кошулду.  2026-жылы QS World University Rankings: Asia рейтингинде окуу жай Борбордук Азиядагы 73 университеттин арасында 22-позицияны ээледи. Мындан тышкары, ОшМУ QS Sustainability Rankings 2026 дүйнөлүк рейтингине кирип, туруктуу өнүгүү, экологиялык жоопкерчилик жана коомго тийгизген оң таасири боюнча дүйнөнүн мыкты университеттеринин арасында 2000 университеттин ичинен ОшМУ курчап турган чөйрөгө жана коомго тийгизген таасири үчүн 1251-орунду, башкаруу багыттары боюнча 1107-орунду алды. Бул көрсөткүчтөр менен жалпы окуу жайлардын арасында 1501-орунду ээледи. EdNet 2026 улуттук рейтингде 583,60 балл менен ОшМУ Кыргызстандын мыкты ЖОЖдорунун үчтүгүнө кирди.

Окуу жай биргелешкен билим берүү жана кош дипломдуулук программаларын түзүү  боюнча учурда дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү 325тен ашуун университет менен кызматташып, академиялык мобилдүүлүк жана кош дипломдуу билим берүү программаларын ийгиликтүү ишке ашырууда.

Жыл сайын 1000ге жакын студент (магистрант), 500гө жакын окутуучулар академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү  университеттерге Эразмус+, Мевлана, ITEC, DAAD, Орхун, ШКУУ, «Ош декларациясы» ж.б.у.с. программалардын жана эки тараптуу кызматташтык келишимдеринин алкагында барып, окуп, тажрыйба алмашып келет.

Студенттерге стимул берүү максатында ар жыл сайын тандалып алынган эң мыкты студенттерге Президенттик стипендия, ар жылы 10 студент  1200$ өлчөмүндө “Атуулдук стипендия”,  10 студент профессор Каныбек Исаков атындагы стипендия, 22 студент Окумуштуулар кеңешинин стипендиясын алышат. Андан сырткары “ОшМУнун топ – 20 студенти” деп аталган стипендия да ыйгарылат

Университетте заманбап окуу корпустары, лабораториялар, илимий борборлор, студенттик жатаканалар, спорттук комплекстер жана санариптик билим берүү платформалары түзүлгөн. ОшМУ билим берүү менен катар илимди, инновацияны жана өндүрүштү айкалыштырган заманбап университет катары өнүгүп келет.

Урматтуу абитуриент достор, ОшМУга таштаган кадамың байсалдуу болсун! Биздин окуу жай чексиз мүмкүнчүлүктөрдүн  ордосу! Билим сапарында биз менен сапарлаш болуп, өнүккөн өлкөнү курууга салымыңды кош!

 

ОшМУ КЕЛЕЧЕК ЭЭЛЕРИН КУЧАК ЖАЙЫП ТОСУП АЛУУГА ДАЯР!

Кудайберди Кожобеков,
Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор

 

ОшМУ – БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧ!

 

Ош мамлекеттик университети 2026-2027-окуу жылына төмөнкү багыттар/адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт:

 

ФИЛОЛОГИЯ ЖАНА МАДАНИЯТ АРАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ ИНСТИТУТУ

50300. Филологиялык билим берүү:

  • Кыргыз тили жана адабияты;
  • Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тил;
  • Орус тили жана адабияты;
  •  Чет тили (Англис тили, Немис тили, Француз тили, Корей тили).

531100 Лингвистика:

  • Котормо жана котормо таануу: Англис тили;
  • Чет тилдерди жана маданияттарды окутуунун теориясы жана методикасы.

ПЕДАГОГИКА,  ИСКУССТВО  ЖАНА  ЖУРНАЛИСТИКА ИНСТИТУТУ

  1. Педагогика:
  • Башталгыч билим берүү;
  • Мектепке чейинки билим берүү жана логопедия.
  1. 5303 Психология
  2. Журналистика
  3. Реклама жана коомчулук менен байланыш
  4. Көркөм билим берүү: (ЖРТ милдеттүү эмес)

Музыкалык искусство;

Көркөм өнөр искусствосу.

  1. Эстраданын музыкалык өнөрү (ЖРТ милдеттүү эмес)
  2. 570400. Дизайн: костюм дизайны; интерьер дизайны. (ЖРТ милдеттүү эмес)
  3. Костюм жана текстиль искусствосу
  4. Актердук өнөр (ЖРТ милдеттүү эмес)
  5. Режиссура-Кино, ТВ (ЖРТ милдеттүү эмес)

 

ТАРЫХ  ЖАНА  ЮРИДИКА  ИНСТИТУТУ

  1. Социалдык-экономикалык билим берүү — Тарых
  2. Юриспруденция
  3. Сот экспертизасы
  4. 530004. Бажы иши

ТАБИЯТ ТААНУУ, ДЕНЕ ТАРБИЯ, ТУРИЗМ ЖАНА АГРАРДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ИНСТИТУТУ

  1. Табигый-илимий билим берүү: Биология, Химия, География
  2. Биология: Биология жана лабораториялык иш
  3. Химия: Химиялык-экологиялык, криминалистикалык экспертиза
  4. География кошумча экология
  5. Туризм: Эл аралык туризм
  6. Ветеринария

Зооветеринария

  1. Агрономия: карантиндик өсүмдүктөрдү коргоо
  2. Колдонмо геодезия
  3. Дене тарбия жана спорт (ЖРТ милдеттүү эмес)

 

МАТЕМАТИКА, ФИЗИКА, ТЕХНИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ИНСТИТУТУ

  1. Физика-математикалык билим берүү:
  • Математика жана информатика;
  • Физика.

510100 Математика

510200 Колдонмо математика жана информатика:

  • Колдонмо математика жана информатика;
  • Big Data аналитик.
  1. Колдонмо информатика:
  • Экономикадагы колдонмо информатика;
  • Архитектурадагы колдонмо информатика;
  • Бизнес-процесстерди жана финансыны автоматташтырылган башкаруу.
  1. Информатика жана эсептөө техникасы:
  • Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы (ПОВТАС);
  • Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (АСОИУ).
  1. Информациялык системалар жана технологиялар:
  • Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар.
  1. Маалыматтык коопсуздук

Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия

  1. 510700. Информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо
  2. 710400. Программалык инженерия:

— Веб-технологиялар жана мобилдик системаларды программалык камсыздоо

  1. Мехатроника жана робототехника: Робототехника жана жасалма интеллект
  2. Дизайн: графикалык дизайн (ЖРТ милдеттүү эмес)
  3. Электроэнергетика жана электротехника — Электр менен камсыздоо.
  4. 750100. Архитектура

Математика жана системалык анализ

  1. Компьютердик лингвистика

 

ЭКОНОМИКА,  БИЗНЕС  ЖАНА  МЕНЕДЖМЕНТ  ИНСТИТУТУ

  1. Экономика:
  • Финансы жана кредит;
  • Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;
  • Ишканалардын экономикасы жана башкаруу;
  • Салык жана салык салуу;
  • Санариптик экономика;
  • IT-Бухгалтерия;
  • Финансылык аналитика;
  •  Финансылык коопсуздук жана финансылык көзөмөл;
  • Банктык инжиниринг;
  • Эл аралык экономикалык мамилелер жана бизнес.
  1. Менеджмент
  2. Бизнес информатика
  3. Бизнес жана башкаруу
  4. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
  5. Маркетинг
  6. Социалдык иш

 

ЧЫГЫШ ТААНУУ ИНСТИТУТУ

  1. Чыгыш таануу, африка таануу: Чыгыш өлкөлөрүнүн тилдери жана дипломатиясы (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси);
  2. Чыгыш таануу, африка таануу: Чыгыштын тарыхы — чыгыш тилдерин окутуу менен (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси);
  3. Филология: Чыгыш тилдерин окутуунун усулдары (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси);
  4. Лингвистика: Котормо жана котормо таануу: Чыгыш тилдери (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси);

Конфликтология: Жалпы конфликтология;

 

ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ЖОГОРКУ МЕКТЕБИ

РОССИЯЛЫК ЖАНА ЕВРАЗИЯЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ:

  1. Аймак таануу: Чыгыш Азия

Башталгыч билим берүү. Англис тили

Эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия

ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ИНТЕГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ

  1. Программалык инженерия

Математика жана компьютердик илимдер

ЕВРОПАЛЫК ЖАНА АМЕРИКАЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ

531800 Европа таануу

  1. Бизнес жана башкаруу: Эл аралык бизнес

Англис тили кошумча котормо жана котормо таануу профили менен

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БӨЛҮМҮ

  1. Эл аралык мамилелер: Дүйнөлүк интеграция жана эл аралык уюмдар

Кыргыз-кытай факультети

  1. Кытай таануу
  2. Лингвистика: Котормо жана котормо таануу (кытай тили)
  3. Филология:

— Филологиялык дисциплиналарды окутуунун методикасы (Англис тили);

— Филологиялык дисциплиналарды окутуунун методикасы (Кытай тили).

  1. 710400. Программалык инженерия: Электрондук маалымат инженериясы.

 

Медицина факультети

  1. Дарылоо иши
  2. Педиатрия
  3. Стоматология
  4. Фармация
  5. Медициналык айым иши
  6. Акушердик иш

 

Эл аралык Медицина факультети

Дарылоо иши (чет элдик жарандар үчүн)

  1. Дарылоо иши (Кош диплом программа: ОшМУ м-н УГМУ)
  2. Стоматология (Кош диплом программа: ОшМУ м-н УГМУ)

 

 

ТЕОЛОГИЯ факультети

  1. Теология

 

АРАШАН ГУМАНИТАРДЫК институту

  1. Теология

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

050717 Теология

 

 

 

МАГИСТРАТУРА

Окуу мөөнөтү – 2, 2.5 жыл;

510100 Математика

510200 Колдонмо математика жана информатика

510400 Физика

520100 Химия

520200 Биология

530200 Саясат таануу

530300 Психология

530500 Юриспруденция         

530600 Журналистика

  1. Журналистика

530800 Эл аралык мамилелер

530900 Чыгыш таануу, африка таануу

531000 Филология (Кыргыз тили ж-а адабияты; Орус тили ж-а адабияты; Чет тили)

531100 Лингвистика: Котормо жана котормо таануу

531500 Аймак таануу

531600 Теология

532000 Дене тарбия жана спорт

532300 Кытай таануу

540200 Социалдык иш

550100 Табигый-илимий билим берүү

550200 Физика-математикалык билим берүү (Математика, Физика, Информатика)

550300 Филологиялык билим берүү (Кыргыз тили ж-а адабияты; Орус тили ж-а адабияты; Чет тили;)

550400 Социалдык-экономикалык билим берүү (Тарых)

550600 Көркөм билим берүү (Музыкалык искусство; Көркөм өнөр искусствосу)

550700 Педагогика (Башталгыч билим берүү, Мектепке чейинки билим берүү, Социалдык педагогика, Педагогикалык эмес адистер үчүн билим берүү)

560100 Коомдук саламаттыкты сактоо

570700 Костюм жана текстиль искусствосу

580100 Экономика

580200 Менеджмент

580700 Бизнес жана башкаруу

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

581000 Маркетинг

600200 Туризм

610200 Агрономия

640200 Электроэнергетика жана электротехника

710100 Информатика жана эсептөө техникасы

710200 Информациялык системалар жана технологиялар

710300 Колдонмо информатика

Билим берүүнүн менеджменти

Нутрициология

 

 

Медициналык колледж

(11-класстын базасында, ЖРТ менен)

  1. Акушердик иш 2 жыл 10 ай
  2. Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай
  3. Дарылоо иши 3 жыл 6 ай
  4. Ортопедиялык стоматология 2 жыл 10 ай
  5. Профилактикалык стоматология 2 жыл 10 ай
  6. Фармация 2 жыл 10 ай
  7. Лабораториялык диагностика 2 жыл 10 ай

 

Өзгөн эл аралык медициналык колледжи

(11-класстын базасында ЖРТ менен)

  1. Акушердик иш 2 жыл 10 ай
  2. Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай
  3. Дарылоо иши 3 жыл 6 ай
  4. Ортопедиялык стоматология 2 жыл 10 ай
  5. Профилактикалык стоматология 2 жыл 10 ай
  6. Фармация 2 жыл 10 ай
  7. Физикалык терапия (9, 11-кл.баз.) 1,2 жыл 10 ай

 

 

Финансы – юридикалык колледж

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай, ЖРТ менен;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. 030503. Укук таануу
  2. Укук коргоо ишмердүүлүгү
  3. Экономика жана бухгалтердик эсеп
  4. Финансы
  5. Салык жана салык салуу
  6. Банк иши

050717 Теология

Индустриалдык-педагогикалык колледж

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай, ЖРТ менен;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

050709 Башталгыч класстарда окутуу;

050704 Мектепке чейинки билим берүү;

  1. Социалдык иш;

050721 Дене тарбия;

  1. Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу (ПОВТАС);

070602 Дизайн;

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 2 жыл 6 ай, ЖРТ менен;

                            9-класстын базасында – 3 жыл 6 ай.

  1. Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы

 

Эл аралык билим берүү программалары колледжи

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай, ЖРТ менен;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. Чет тили (англис немис тилдери)

050720 Котормо иши (англис, немис, корей, араб, түрк, кытай)

Медиалингвистика

 

STEM инновациялык колледжи

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай, ЖРТ менен;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)
  2. Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо
  3. Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо
  4. Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө;
  5. Колдонмо информатика (экономика аймагында);
  6. Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу;
  7. Туризм
  8. Колдонмо геодезия

 

АЙЫЛ ЧАРБА КОЛЛЕДЖИ

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай, ЖРТ менен;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. Айыл чарбасын электрлештируу жана автоматташтыруу
  2. Айыл чарба механизациясы
  3. Агрономия
  4. Ветеринария

 

КУРУЛУШ  КОЛЛЕДЖИ

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай, ЖРТ менен;

                            9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо
  2. Ички санитардык-техникалык жана желдетүү түзүлүштөрүн монтаждоо жана эксплуатациялоо
  3. Архитектура
  4. Курулмаларды куруу жана тейлөө
  5. Дизайн (тармактар боюнча)

 Керектелүүчү документтер:

–  Абитуриенттин арызы;

–  АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ (түп нускасы);

–  ЖРТнын сертификаты;

–  3 х 4  өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;

–  Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, көчүрмөсү;

–  Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

 

Биздин дарек:

Кыргыз Республикасы, Ош шаары 723500,

Ленин көчөсү 331, ОшМУнун башкы корпусу,

Кабыл алуу комиссиясы 137-каб.,

Телефон: +996770111110, +996554876687,

WhatsApp: +996770111110, +996554876687,

Telegram: +996770111110, +996554876687,

Сайт: www.oshsu.kg, Е-mail: [email protected]

КРнын ББжИ минист. лиценз.: №D2018-0001 13.11.2018, №C2019-0

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер