ОшМПУнун ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО ИШИ КЕҢЕЙЕТ

  • 17.02.2022
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Мурас телестудиясынын жамааты окуу жайдын жалпыга маалымдоо иштерин өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында Бишкек шаарына иш сапары менен барып келди. 

ОшМПУнун ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО ИШИ КЕҢЕЙЕТ

Кербендин алгачкы күнүндө Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Эл аралык Кувейт университетинин телестудиялары менен таанышуу болду. Андан ары сапар Коомдук телерадиоберүү корпорациясында уланды. Беш багытта иш алып барган КТРКнын ар бир каанасында иш кызуу жүрүп, айрым берүүлөргө сьемка тартылып, тынымсыз көрсөтүүлөр берилип жатканын көрүүгө болот.

Сапардын  2-күнү КТРКнын Ала-Тоо 24 каналынан башталды. Бул жерде жаңылыктар тынымсыз тартылып, түз эфирлер саат сайын эфирге берилерин продюссери айтып өттү. Андан соң Чүй облустук мамлекеттик телерадио компаниясы СТВга да баш багып, Борбордук Азиядагы Америка университети менен да  таанышып өтүштү. Ар бир студиянын жамааты жылуу кабылдап, өз жасаган жумуштары жана ал жерде ишке ашкан эмгектер боюнча маалыматтарды беришти.

Мындан сырткары КУУнун журналистика факультетинин деканы Ширин Жумагулова баштаган окутуучулар маалымат таратуу айдыңы, журналистика жаатында атайын семинар  өтүп, коомдук аң-сезимди манипуляциялоо тууралуу лекция окушту.

Кербен  Улуттук тарых музейине болгон саякат менен соңуна чыкты. Улуттук нарк жана  терең тарыхты өзүнө камтып, заманбап үлгүдө  кайрадан ачылган  музейге кадам салган тургундардын катарын медиа топ да толуктады.

“Теле берүү жана студиялардын өзгөчөлүгү, кандай таризде иш алып баруусу ал жерде түзүлгөн шарт жана иш алып барган кызматкерден көз каранды. Ошондуктан кербендин алкагында таанышып чыккан бардык студиялардан айырмачылыкты байкоого болот. Эң башкысы эмгек жамаат дасыккан журналисттер, продюсер жана редакторлордон мыкты кеңештерди угуп,  маалымат жайылтуу, медиа тармагындагы бир топ жаңы жүргүзүлгөн иштерди баамдап, бир топ идея жана тажрыйба топтогонго жетиштик. Мурас телестудиясынын жамааты  берилген сунушту четке какпай, шарт түзүп берген жана жакындан колдоо көрсөткөн окуу жайдын жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз”, — дейт университеттин Медиа борборунун жетекчиси Кубанычбек Жылкычиев.

Бөлүшүү

Комментарийлер